№ 69 ОТКда Бишкектин мектеп окуучулары үчүн билим кербени

September 28, 2015, 06:00

26-сентябрда № 69 Окуу-тарбиялоо комплексинде 7-класстардын окуучулары үчүн «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» өттү. Кербендин темасы – Бишкек шаарынын экологиясы.

 

Иш-чара № 69 ОТКнын мультимедиалык тренинг борборунда өткөрүлдү. "Таалим-Форум" коомдук фондунун өкүлдөрү балдар үчүн экология темасына интерактивдүү презентацияны өткөрдү, курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу темасына видео-фильмди жана социалдык видео-роликтерди көрсөттү. Кербендин жүрүшүндө лекторлор балдарды топторго бөлдү жана экологиялык викторинаны өткөрдү, ал жерде жеңүүчүлөргө кызыктуу китептер түрүндө байгелер тапшырылды.

 

Бул иш-чарага мектеп окуучулары жигердүү катышканын белгилеп кетүү керек. Иш-чарага катышууну каалагандар ушунчалык көп болгондуктан, борбордо орундар жетпей калды. Балдар мүмкүн болгон ар кандай комментарийлерди берди, курчап турган чөйрө жана экология жөнүндө өз билгендерин бөлүштү, бири-бирин жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.

 

Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду тарабынан демилгеленди жана Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта уюштурулду.

 

Эске сала кетсек, «Билим кербени: Бишкектин мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду демилгелеген «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунын алкагында өткөрүлүп жатат.