Ишембиде татар музыкалык маданиятынын презентациясы болуп өттү

September 29, 2015, 06:00

Татар музыкалык маданиятынын презентациясы ишембиде, 26-сентябрда, Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында болуп өттү. Концерттин меймандары КР экс-Президенти Р.И. Отунбаева, АКШнын элчиси Шейла Гуолтни айым, Япониянын элчиси Такаюке КОИКЭ мырза, РФ Элчилигинин кеңешчиси Алексей Мзареулов мырза, Бишкек шаарынын жана жаңы конуштардын мектеп окуучулары, шаардыктар жана борбор шаардын меймандары болду.

 

Концерттин программасы көрүүчүлөрдү татарлардын башкы Сабантуй майрамы менен тааныштырды. Сабантуй татарлардын сабан-соко жана туй-майрам деген сөздөрүнөн соконун майрамы деп которулат жана жазгы талаа иштери аяктагандан кийин өткөрүлөт. Татарлардын шаңдуу бийлери, мукам ырлары, кыякчылардын күүлөрү, ошондой эле – балдар үчүн шайыр мелдештер жана татарлардын кактап бышырылган салттуу тамактарынан даам татыруу – ушулардын бардыгы программада камтылган. Кыргызстандагы татарлардын тарыхы жөнүндө тарыхчы Аниса Бикбулатова айтып берди. Татарлардын музыкасы болгону беш гана нотадан тураары жана кытай, япон, тибет музыкасына, ошондой эле блюз обондоруна окшоштугу жөнүндө Кыргыз Улуттук консерваториясынын окутуучусу Фархат Валиев айтып берди. Эң уккулуктуу жана белгилүү татар ырлары Казандан келген мейман ырчы Гулшат Имамиеванын аткаруусунда жаңырды.

 

Өз сөзүндө КР экс-президенти Р. И. Отунбаева белгилегендей: «Бул концертте биз татар музыкасына жана ырларына маашырландык, убакытты жакшы өткөрдүк жана биздин татарлардын маданияты жөнүндө көп нерселерди биле алдык. Биз мурдагыдан да байып калдык, анткени бардык ушул билимдер бизди байытып турат».