Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева «Дипломатиялык кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланды

September 25, 2015, 06:00

22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде КР экс-президенти Отунбаева Роза Исаковнага «Дипломатиялык кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул жөнүндө КР ТИМдин басма сөз кызматы шейшембиде билдирди.

 

Эстелик медалын тапшыруу учурунда КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өлкөнүн дипломатиялык кызматын калыптандырууга, эл аралык мамилелерди жана коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле кыргыз мамлекетинин улуттук кызыкчылыктарын коргоо ишине Р. Отунбаеванын эбегейсиз зор салымын белгиледи.