Чүй облусунда «Бүткүл Кыргызстан балдарга китеп окуйт» кербени аяктады

September 24, 2015, 06:00

2015-жылдын 17-сентябрында Чуй облусунда «Бүткүл Кыргызстан балдарга китеп окуйт» кербени аяктады.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында кенже класстардын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер, китепканачылар тартылды. КР эл артисти Жамал Сейдакматова балдарга кыргыз эл жомокторун окуп берди. Балдар жооп иретинде өз ырларын окуп, Мекен жөнүндө ырларды ырдады, уккандары боюнча суроолорго жооп берди жана өздөрүн кызыктырган суроолорду берди.

 

Ар бир барган уюмдарга балдар жазуучуларынын китептери, кыргыз эл жомоктору, «Манас» эпосунан үзүндүлөр «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунан акысыз пайдаланууга берилди.