Кыргызстандыктар россиялык педагогдор менен тажрыйба алмашты

September 23, 2015, 06:00

Москвада 18-сентябрдан 20-сентябрга чейин болуп өткөн Билим берүү фестивалында азыркы шарттарга карата билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ага бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.

 

Уюштуруу комитетинде айтылгандай, бул фестиваль демейде Москва өкмөтүнүн, билим берүү, маданият департаменттеринин, ЖМКнын жана Россиянын борборунун рекламасынын, ошондой эле чет өлкөлөрдүн бир катар башка муниципалдык мекемелеринин жана маданий өкүлчүлүктөрүнүн колдоосу менен өтөт. Бул долбоор агартуу мүнөзүндө жана өзүнө ярмарканын, кесиптик форумдун, чоң майрамдын жана үй-бүлөлүк эс алуу борборунун форматын шайкеш айкалыштырат. Ал наристелер үчүн да, мектеп окуучулары үчүн да, студенттер үчүн да, кала берсе чоң кишилер үчүн да кошумча сабактардын бардык түрлөрүнө арналган.

 

Фестивалдын башкы идеясы: ар кандай курактагы жана социалдык абалдагы адамдар үчүн жекече өсүш. Фестивалда каралуучу актуалдуу темалардын бири – «Өмүр бою окуу» деген жаңы концепцияны турмушка ашыруу. Ал бардык адамдар үчүн алардын курагына жана ишинин чөйрөсүнө карабастан үзгүлтүксүз окутуу, эң ар кыл окуу таламдарын жана артыкчылыктарын ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө идеясын жар салат.

 

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан балдарды шайкеш өнүктүрүүгө, аларды азыркы замандын терс тенденцияларынан сактоого багытталган алар үчүн мыкты тарбиялоо иш-чараларына муктаж. Биздин республикада бул багытта жигердүү иш жүргүзүлүп жатат жана биз үчүн тиешелүү чет өлкөлүк тажрыйба да өзгөчө кызыктуу. Бул фестивалда өсүп келаткан муундарды өнүктүрүү жагынан бардык эң мыкты инновациялык сунуштар берилген, биз аларды изилдеп жана айрым нерселерин биздин республикада өздөштүрүүнү каалайбыз», – деп белгиледи «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева.

 

Анын айтымы боюнча, бул фонд ошондой эле ушул маселелерге зор көңүл бурат, ал да Кыргызстанда билим берүү фестивалдарын өткөрүп турат, атап айтканда, россиялык адистер менен тыгыз кызматташат. Алар жакында эле Бишкекке келип, мастер-класстарды өткөрдү. Азыр да мындан аркы кызматташтыктын пландары биргелешкен күч-аракеттер менен иштелип чыгууда.

Вечерний Бишкек