«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү балдар үчүн Старт АП IV билим берүү фестивалына катышып жатат

September 19, 2015, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева жана “Билим берүү фестивалы” долбоорунун ассистенти А.Ургуналиева Москва шаарында 2015-жылдын 18-20-сентябрында өтүп жаткан балдар үчүн IV билим берүү фестивалына катышып жатат.

 

Старт АП билим берүү фестивалы – масштабдуу билим берүү борбору. Ал 2012-жылдан тартып жыл сайын Борбордук Көркөм сүрөт үйүндө өтөт. Бул агартуу долбоору өзүнө ярмаркаларды, кесиптик форумду, чоң майрамды жана үй-бүлөлүк эс алуу борборун шайкеш айкалыштырат.

 

Фестивалдын башкы максаты – окутуучу уюмдарды тандоодо жардам берүү, билим берүүдөгү тенденцияларды көрсөтүү, айтып берүү жана биргелешип талкуулоо, окуу кызыкчылыктарын жана артыкчылыктарын турмушка ашыруу жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүк көрсөтүү.

 

Фестивалдын кеңири аудиториясы – булар мектепке чейинки курактагы балдар жана алардын ата-энелери, мектеп окуучулары жана абитуриенттер, ЖОЖдордун студенттери жана бүтүрүүчүлөрү, квалификацияны жогорулатуу жагынан изденген адистер, билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлери... Ошондой эле – жаңы билимдерди алууну жана аларды ачууну көздөгөндөрдүн бардыгы.

 

Быйылкы жылы фестивалдын концепциясы – “Өмүр бою окуп үйрөнүү”. Демейдеги балдар бөлүмүнөн тышкары, фестиваль Старт АП + ЖОЖдор жаңы бөлүмүн, кошумча билим берүү борборлорун, басылмаларды, чыгармачыл өнөрканаларды, кесиптик багыт берүү борборлорун, адистешкен курстарды жана ар кандай курактагы жана социалдык категориядагы адамдар үчүн программаларды камтыйт.

 

Фестиваль жөнүндө алда канча кең-кесири маалыматты төмөнкү даректен билүүгө болот: http://www.startupfair.ru/