«Гений» радио берүүсү: Жаңы педагогикалык иштеп чыгуулар

September 17, 2015, 06:00

Кыргызстанда МКТны өнүктүрүү, атап айтканда, билим берүүдө компьютердик технологияларды колдонуу маселелери бүгүнкү күндө коомчулук арасында зор талкууну пайда кылууда.

 

«Гений» радио берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын меймандары Солтогунова Фариза Тыныстановна (КР БжИМдин мектептер боюнча жетектөөчү адиси) жана Камалова Айгуль Эсенбаевна (КР БжИМдин мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча башкы адиси) төмөнкүдөй суроолорго жооп берүүгө аракет кылды: Бүгүнкү күндө мектепте эмнени окутат? Бүгүнкү күндө мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде билим берүүнүн натыйжалары кандай? Бүгүнкү күндө мектепте кандай педагогикалык иштеп чыгууларды жана методикаларды колдонушат? Ж.б.