Р.И.Отунбаева Кыргыз-Норвегиялык жаштар туристтик лагерин өткөрүүгө байланыштуу презентациялоого катышты

September 16, 2015, 06:00

2015-жылдын 15-сентябрында Park Hotel Bishkek отелинин конференц-залында Кыргыз-Норвегиялык жаштар туристтик лагерин өткөрүүгө байланыштуу презентациялоо болуп өттү. Иш-чаранын меймандарына жана жаштар туристтик лагеринин катышуучуларына саламдашуу сөзү менен Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаева жана «Кыргызстандын жөө туризм союзунун» төрагасы Анвар Юсупов кайрылды.

 

Маалымат үчүн: «Кыргызстандын жөө туризм союзу» коомдук бирикмеси 2005-жылдан бери Норвегиянын "Den Norske Turistforening (DNT)" Туристтик ассоциациясы менен кызматташтат. Ассоциация менен биргеликте, беш жыл бою Союз «Тоолуу аймактарда экологиялык туризмди өнүктүрүү» долбоорун турмушка ашырды, ага Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги колдоо көрсөтөт.

 

Союз Кыргызстандын жарандарын активдүү туризмге тартуу боюнча ишти туруктуу негизде жүргүзөт. Иш-чаралардын бири болуп жаштар туристтик лагерлерин өткөрүү саналат. Быйылкы жылы лагерь Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт, ага Кыргызстандан 12 студент жана Норвегиядан 12 студент, DNT ассоциациясынын мүчөлөрү катышат.

 

Лагердин максаты жаштар арасында сергек жашоо ыңгайын алга илгерилетүү, экологиялык туризм маселелеринде тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн маданияты менен таанышуу болуп саналат.