Кыргызстандын делегациясы Жибек жолунун маданий форумуна катышат

September 16, 2015, 06:00

14-сентябрда Москвада, "Президент-отелде", Жибек жолунун экинчи Эл аралык маданий форуму ачылды. Ага 16 өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан 300дөн ашык өкүл чогулду.

 

Фонумдун алып баруучулары Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой жана Жибек жолунун Кытай фондунун башкы катчысы Чжан Синлань эске салгандай, ушундай биринчи жолугушуу былтыркы жылдын аягында Астанада (Казакстан) өткөн. Форумдун азыркы катышуучуларынын арасында ар кайсы өлкөлөрдөн көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлер, маданияттын жетектөөчү мекемелеринин жетекчилери, министрлер, бир катар шаарлардын мэрлери, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, дипломаттар жана башкалар бар.

 

Кыргызстан форумга 13 адам курамындагы делегацияны жөнөттү, алардын ичинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору, маданият, маалымат жана туризм министринин жардамчысы Тынчтыкбек Абдылдаев, КР Маданият министрлигинин Дүйнөнүн эпосторунун бүткүл дүйнөлүк фестивалынын башкы координатору Дамира Алышбаева, ушул ведомствонун мамлекеттик саясат жана стратегиялык пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы Гульзат Мукалиева, Мамлекеттик тарых музейинин директорунун илимий иш боюнча орун басары, Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын директорунун орун басары Лариса Кислова жана башкалар бар. Форумдун ачылышына ошондой эле Кыргыз Республикасынын РФдагы элчиси Болот Джунусов катышты.

 

Форумдун трибунасынан РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Ольга Голодец, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары – аткаруучу катчысы Сергей Иванов, ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев, РФнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Григорий Орджоникидзе, КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МФГС) башкармалыгынын төрагасы Полад Бюль-Бюль оглы жана башка көптөгөн адамдар сөз сүйлөдү.

 

Форумдун башкы темасы – «Маданий кызматташтык чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүү, заманбап долбоорлорду иштеп чыгуу». Анын биринчи күнү «Евразия – Жибек жолу» маданий кызматташтык уюму» деген мамлекеттер аралык өкмөттүк эмес структураны түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу менен аяктады. Аны уюштуруучулар А. Горчаков атындагы элдик дипломатияны колдоонун россиялык фонду, Элдердин маданиятынын жана көркөм өнөрүнүн Кытай фонду, Жибек жолунун Кытай фонду, «Синьао» кытай корпорациясы жана Казакстандын руханий өнүктүрүү фонду болду.

 

Уюштуруучулардын пикири боюнча, жаңы уюм евразиялык өлкөлөрдүн ортосунда көп тараптуу гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндө өз ара жардамдын жана эл аралык кооперациянын натыйжалуу жумушчу өбөлгөсү болуп калууга тийиш.

 

Документке кол койгондон кийин бардык катышуучулар бирге сүрөткө түштү. Ал эми кыргыз делегациясынын айрым мүчөлөрү Михаил Швыдкой менен эстеликке фотого тартылды.

 

Бүгүн, 15-сентябрда, форум ишин секциялар боюнча улантты.