Нарын облусунда «Бүткүл Кыргызстан балдарга китеп окуйт» кербени аяктады

September 15, 2015, 06:00

2015-жылдын 15-сентябрында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөрүп жаткан Билим кербени Нарын облусу боюнча аяктады, ага белгилүү кыргыз балдар жазуучусу Асек Казиев катышты.

 

Эл аралык коомдук фонд Нарын облусунун төмөнкүдөй үч объектин камтыды:

Нарын шаары, Токтогул атындагы № 1 мектеп

Нарын шаары, Сыдыков атындагы № 7 мектеп

Карамойнок айылы, Абылгазы атындагы мектеп.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында кенже класстардын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер, айылдык китепканалардын китепканачылары тартылды. Балдар жазуучусу Асек Казиев балдар үчүн өзүнүн «Манас алиппеси», «Поющая азбука», «Правила дорожного движения», «Табышмактар», «Стихотворения» деген чыгармаларынын презентациясын өткөрдү, ошондой эле ал кыргыз эл жомокторун окуп берди. Жооп иретинде балдар өз чыгармаларын окуду, Мекен жөнүндө ырларды ырдады, уккандар боюнча суроолорго жооп берди жана өздөрүн кызыктырган суроолорду берди.

 

Барган ар бир уюмга балдар жазуучуларынын китептери, кыргыз эл жомоктору, «Манас» эпосунан үзүндүлөр «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан акысыз пайдаланууга берилди.