Талас облусунда «Бүткүл Кыргызстан балдарга китеп окуйт» кербени аяктады

September 11, 2015, 06:00

2015-жылдын 3-4-сентябрында балдарды китеп окууга тартууга багытталган долбоордун алкагында ЮНИСЕФтин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган «Бүткүл Кыргызстан балдарга китеп окуйт» кербени Талас облусунда өттү.

 

Кербен Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы китепканада старт алды. Кийинки маршруттар Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылы, Кара-Буура районунун Аманбаев жана Шекер айылдары, Манас районунун Кеңеш айылы болду. Аба ырайы туруксуз болгонуна жана кар жааганына карабастан, бизди балдар бакчаларынын тарбиялануучулары жана башталгыч класстардын окуучулары тарбиячылары менен бирге мээримдүү тосуп алды. Ар бир жолугушуу өзүнчө өзгөчөлөнүп турду. Балдар жомокторду жана аңгемелерди зор кызыгуу менен укту, андан да зор шыктануу менен маектешти, суроолорго жооп беришти, ырларды окуп беришти, ыр ырдашты, бийлешти.

 

Бул жолугушуулардын жылдызы жазуучу, жан-дүйнөсү кенен жана балдарды жакшы көргөн адам – Жылдыз Акаева болду. Ал өз жомокторун окуп берди, өзүнүн куурчактарын, сүрөттөрдү көрсөттү, ошондой эле жакын арада жарыкка чыга турган өзүнүн жаңы жомокторун окуду. Балдар зор кызыгуу менен укту, аны кое бергиси келген жок, эми жаңы жолугушууларды күтүп калышты.

 

Тарбиячылар жана ата-энелер бул жолугушуулар үчүн ыраазычылык билдирет. Китеп окууга сүйүүнү өөрчүтүүгө багытталган, баланы китеп окуудан ырахат ала билүүгө үйрөтүүгө, аны алда канча ар түрдүү кылууга, таасирлерди бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө, китепканаларга кызыгууну жогорулатууга, коомчулукту тартууга чакырылган ушундай долбоорлор өлкөбүздүн татыктуу келечегине карай баскыч болуп саналат.