«Ачык билим берүү үчүн» коалициясынын жолугушуусунун жыйынтыктары

September 12, 2015, 06:00

2015-жылдын 10-сентябрында Бишкекте «Ачык билим берүү үчүн» коалициясынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү, ал жерде катышуучулар Польшада жана башка европа өлкөлөрүндө ачык билим берүү жагындагы реформалар менен таанышты.

 

Бүгүнкү күндө Польша ачык билим берүү ресурстарын (АБР) алга илгерилетүүдө Бразилия менен катар лидер болуп саналат. Мамлекет АБРге, атап айтканда, е-окуу китептерин иштеп чыгууга жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга зор системалык колдоо көрсөтөт. Бардыгы Википедиядан башталды, ал дүйнөдө эң зор ачык билим берүү ресурсу деп эсептелет.

 

Кыргыз Википедиясы да 192-орундан 88-орунга жылып, кыйла алга илгериледи. «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Т. Чоротегиндин айтымы боюнча, бүгүнкү күндө Википедиянын кыргыз бөлүмүндө 42 миңден ашык макала бар. Бирок Википедиянын беттерине али жарыялана элек дагы көптөгөн материалдар бар. Тынчтык Чоротегин жолугушуунун бардык катышуучуларын Википедисттер кыймылына кошулууга жана өз макалаларын электрондук энциклопедияга жайгаштырууга чакырды.

 

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Коалициянын катышуучулары сунуш кылынган милдеттерге төмөнкүдөй топтор боюнча бөлүнүштү: Кыргыз Википедиясын толтуруу, мектептердин администрациялары үчүн маалымат технологиялары жөндөмдөрү боюнча тренингдер жана Коалициянын сайтын алга илгерилетүү. Топтордун алгачкы жолугушуулары 2015-жылдын 14-сентябрынан тартып 22-сентябрына чейин өтөт.

 

Эскертүү: Ачык билим берүү ресурстары (АБР) – бул билим берүү чөйрөсүндө колдонулуучу, алуу үчүн эркин болгон жана көп жолу пайдаланылышы, өзгөртүлүшү же үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн болгон материалдар.