Ош шаарынын айымдары үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча жайкы мектептин экинчи агымы аяктады

September 13, 2015, 06:00

2015-жылдын 12-сентябрында Ош шаарынын айымдары үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча жайкы мектептин экинчи агымы аяктады.

 

Компьютердик сабаттуулук боюнча жайкы мектептин максаты мындан аркы иш үчүн компьютердик технологиялар жагынан өз билимдерин өркүндөтүүгө муктаж болгон айымдарга жардам берүү болучу. «Компьютердик сабаттуулук» курсу МКТ жагынан билиминин деңгээли нөл болгон пайдалануучуларды, ошондой эле жекече компьютер менен иштөөнүн айрым базалык жөндөмдөрүнө ээ болгондорду компьютер менен иштөөгө үйрөтүүгө арналган.

 

Мектепке 30-40 жаштагы айымдар, негизинен Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун мектептеринин мугалимдери катышты.

 

Мектептин катышуучулары 25-июлдан тартып 12-сентябрга чейин ОшМУнун компьютердик борборунда окуду, сабактар ишемби күндөрү 9:00дөн 12:00гө чейин өтүп турду.

 

Ишемби мектебинин натыйжасында катышуучу айымдар төмөнкүдөй компьютердик билимдерге жана жөндөмдөргө ээ болду:

 

- Текст редактору менен иштеп, принтерден кагазга басып чыгарууну билүү;

- Таблицаларды түзүү жана эң жөнөкөй эсептерди жүргүзүү;

- Windows тармагында папкаларды, файлдарды түзүү, алар менен иштөө, аларды сактоо, кайра сактоо, жок кылуу, көчүрүү;

- Сүрөт тартуу, даяр сүрөттөр менен иштөө;

- Презентацияларды түзүү;

- Видео-слайддарды түзүү;

- Интернеттен маалыматты окуу, издөө, көчүрүп алуу;

- Электрондук почтаны ачуу жана анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;

- Интернеттен электрондук окуу китептерин пайдалануу;

- Интерактивдүү досканын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана аны башкаруу.

 

Мектептин акыркы күнүндө мектептин бардык катышуучулары курсту ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат алды. Бул мектеп мектептердин мугалимдерине компьютерде иштөөнүн эң жөнөкөй жөндөмдөрүн үйрөнүп гана тим болбостон, ошондой эле интерактивдүү доска менен иштөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билүүгө жардам берди, анткени Ош шаарынын мектептеринин 40%ында доскалар орнотулган, бирок мугалимдер билбегендиктен улам аларды пайдалана албайт.

 

Ушундай мектептерди өткөрүү демилгеси улантылмакчы, анткени МКТ жагынан өз билимдерин жогорулатууга катышуучулардын суроо-талаптары жана ниети бар.

 

Эске сала кетели, жайкы ишемби мектебинин биринчи агымы 29-августта аяктаган, ага 25 адамдан эки топ катышкан. Бирок компьютерде иштөөгө үйрөнүүнү каалагандардын саны көп болгондугуна байланыштуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду үчүнчү кошумча топту ачууну чечкен. Быйылкы жылы жайкы мектеп бардыгы болуп 75 айымды окутуп чыгарды.