Россия Федерациясынын КРдагы элчисинин кеңешчиси балдарга жомок окуп берди

September 13, 2015, 06:00

12-сентябрда "Раритет" китеп дүкөнүндө «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында быйылкы жылдагы биринчи жолугушуу болуп өттү. Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Алексей Михайлович Мзареулов балдарга А.С.Пушкиндин «Балык жана балыкчы жөнүндө жомок» чыгармасын окуп берди. Сабак болуучу жомок жана жолугушуу учурунда Алексей Михайлович түзгөн жакшы жагдай балдарда кызыгууну пайда кылды жана аларга кубаныч тартуулады, алар «жылдыз» менен дагы көпкө чейин баарлашты.