«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш. Кендирбаева Варшавада өткөн VII Аялдар конгрессине катышты

September 14, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш. Кендирбаева Аялдар конгрессинин президенти, уюштуруучу Дорота Варакомсканын чакыруусу боюнча 7-Аялдар конгрессине катышты, ал 11-12-сентябрда Варшавадагы "Torwar hall" борбордук спорт борборунда, Польшанын спорттук борборлорунун биринде өттү.

 

7-Аялдар конгрессинин девизи эки чоң «Эгерде биз болбосок, анда ким? Эгерде азыр болбосо, анда качан?» деген суроолор болду.

 

Эки күндүк Аялдар конгресси беш сессиядан, ошондой эле удаалаш панелдик дискуссиялардан жана секциялык семинарлардан турду:

1. «Дүйнө. Европа. Польша 2015»;

2. "Эне, ата, баланы колдоо";

3. "Пекин платформасынын 20 жылдыгы";

4. "Сүйүү жокко чыгарбайт";

5. "Аялдар үчүн Польша кандай?".

 

Конгрессте талкууланган негизги маселелер булар: польшалык аялдардын жалпы жагдайы, жеңиштер жана жол болбой калуулар, алдыга коюлган максаттарга жетишүүнүн алда канча өркүндөтүлгөн ыкмаларын издөө, аялдардын укуктары үчүн күрөшүү, ошондой эле саясат, экономика жана коом жөнүндө кеп кылышты.

 

Ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» жана «Ачык билим берүү ресурстары» долбоорлорунун алкагында Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна «Азыркы Польша» фондунун Президенти, Польшадагы АБР Коалициясынын жетекчиси Ярослав Липшиц жана «ABCXXI - Бүткүл Польша балдарга китеп окуйт» Фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуулардын учурунда Ачык билим берүү ресурстарын (АБР), балдарга, өспүрүмдөргө, үй-бүлөлөргө даректелген китеп окууну алга илгерилетүүдө Польшанын тажрыйбасы жана кызматташтык маселелери талкууланды.

 

Конгресс жөнүндө кең-кесири маалыматты бул жерден алууга болот: https://www.kongreskobiet.pl/pl-PL/text/o_nas/nasze_cele