Баткен облусунда «Мектепке чейинки курактагы балдарда жаратылышты коргоо жана жайлоодогу балдар бакчаларынын шарттарында жеке мамилелерди түзүү боюнча билимдерди өнүктүрүүнүн ар тараптуу жолдору» темасында тренинг болуп өттү

September 5, 2015, 06:00

Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен Ага Хан Фонду жүзөгө ашырып жаткан «Суу жана жайыт ресурстарын башкаруу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана тиешелүү жергиликтүү институттардын потенциалын арттыруу» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 27-28-августта Баткен шаарында семинар өткөрдү. Тренингге 20 адам катышты. Тренингдин катышуучулары – булар Баткен облусунун райондорунун балдар бакчаларынын, жайлоодогу балдар бакчаларынын жетекчилери жана тарбиячылары, жайыт комитеттеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Баткен мамлекеттик университетинин өкүлдөрү.


Тренинг 3 блоктон турду. Тренингдин 1-блогунун учурунда маалыматтык камсыз кылууга коммуникациялык жөндөмдөрдү жана мультимаданий дөөлөттөрдү, чек арага жакын жайгашкан аймактарда балдар бакчаларынын өкүлдөрүндө адамдар ортосундагы мамилелерди түзүү боюнча жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасалды. Сабырдуулук, ярлык, стереотип сыяктуу жана башка түшүнүктөр көтөрүлдү жана каралды.


Тренингдин 2-блогунда балдарды экологиялык тарбиялоого басым жасалат. Экологиялык мастер-класстар, анын ичинде келечекте балдар үчүн өтө пайдалуу боло турган экологиялык оюндар өткөрүлдү. Ошондой эле балдар жана ата-энелер арасында курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча акцияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берилди.


Тренингдин 3-блогунда наристе чактан тартып билим берүүнүн маанилүүлүгүнө, баланы тарбиялоодо жана өнүктүрүүдө илимий ыкмаларды жана жетишкендиктерди пайдаланууга, жамааттар менен тыгыз кызматташууга, балдар бакчаларында балдарды даярдоонун сапатын жогорулатууга көңүл бурулган. Ошондой эле эки – кыргыз жана тажик элдеринин өз ара мамилелеринин оң окуялары бар китептерди чыгаруу жөнүндө маселе каралган. Мындан тышкары, катышуучуларга «Жайлоо бала бакчасы - 2015» долбоору боюнча жасалган иш жана келечектер жөнүндө маалымат берилген.


Семинардын машыктыруучулары: И. Арабаев атындагы КМУнун доценти Тунгатарова Назгүл, «Эл аралык сабырдуулук үчүн» фондунун долбоорунун менеджери Темирбаева Гүлнара, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо бала бакчасы - 2015» долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков.

 

Кең-кесири маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0 312 66 03 68; 0 556 54 91 54