Айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча жайкы мектептин биринчи агымынын аякташы

September 6, 2015, 06:00

29-августта «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен Ош мамлекеттик университетинин базасында айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча жайкы ишемби мектебинин биринчи агымы ишин аяктады. Ишемби мектебинин угуучулары Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун мепктептеринин математика, физика, химия, биология сабактары боюнча мугалимдери болду.

 

Жайкы мектептин максаты мындан аркы иш үчүн компьютердик технологиялар жагынан өз билимдерин өркүндөтүүгө муктаждыкты сезген кыз-келиндерге жардам берүү. «Компьютердик сабаттуулук» курсу МКТ жагынан билимдин нөл деңгээлиндеги пайдалануучулар үчүн, ошондой эле жекече компьютер менен иштөө жагынан айрым базалык жөндөмдөрү бар адамдар үчүн компьютер менен иштөөгө үйрөтүүгө багытталган.

 

Жайкы мектептин биринчи агымында 50 кыз-келин катышты. 2015-жылдын 13-июлунан тартып 29-августуна чейин ОшМУнун компьютердик борборунда угуучулар ишемби күндөрү 9:00дөн 12:00гө чейин окуду. Айымдар интерактивдүү досканын жардамы менен окуду, практикалык сабактар университеттин ар кандай коммуникациялык тармагы аркылуу, ошондой эле колдо болгон окуу-методикалык окуу куралдары: электрондук окуу китептери, электрондук лекциялар, лабораториялык сабактарды иштеп чыгуу, презентациялар, видео сабактар жана окутуучу программалар аркылуу өттү. Теориялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды ОшМУнун мыкты окутуучулары өткөрдү.

 

Бүгүнкү күндө жайкы мектептин бүтүрүүчүлөрү өзүнүн кесиптик ишинде компьютерди, принтерди, сканерди жана интерактивдүү досканы эркин пайдаланат. Локалдык жана глобалдык тармактардын жардамы менен сабактардын презентациясын даярдап, электрондук материалдарды издөөнү да пайдалана алат.

 

Эске сала кетсек, 25 айымдан турган эки топтун сабагы ишке киргизилгенден кийин ишемби мектебинде окууну каалаган кыз-келиндердин саны көбөйдү, буга байланыштуу 25 айымдан турган дагы бир кошумча топту ачуу чечими кабыл алынды. Кошумча топто сабактар 12-сентябрга чейин уланат.