Фонддун 2015-жылдын сентябрь айына иш-чараларынын дайджести

September 1, 2015, 06:00

ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ДАЙДЖЕСТИ

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

 

2015-жылдын СЕНТЯБРЫ 

 

 

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Талас, Нарын жана Чүй облустарында

 

3-4-сентябрь - Талас облусу

7-8-сентябрь - Нарын облусу

8-9-сентябрь – Чүй облусу

Максат – маданияттын жана көркөм өнөрдүн, спорттун жана саясаттын белгилүү ишмерлерин тартуу менен балдар үчүн жана балдар менен бирге китеп окууну алга илгерилетүүдө үй-бүлөлөрдүн, ата-энелердин, айылдык китепканалардын потенциалын күчөтүү аркылуу коомдо китеп окуу маданиятын калыптандыруу.

Каалагандардын бардыгы чакырылат, кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627 

 

 

7-сентябрь «Жайлоо бала бакчалары – 2015» долбоорунун жыйынтыктарын чыгаруу

 

Бардык облустарда «Жайлоо бала бакчасы – 2015» долбоору боюнча жыйынтыктарды чыгаруу. Долбоор боюнча кең-кесири отчетторду жазуу. Мониторингдин натыйжалары.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

8-сентябрь «Жайлоо бала бакчалары – 2015» долбоорунун мастер-класстары жана мониторингдик иши боюнча жыйынтыктарды чыгаруу

 

Бардык облустарда «Жайлоо бала бакчасы – 2015» долбоору боюнча жыйынтыктарды чыгаруу. Долбоор боюнча кең-кесири отчетторду жазуу. Мониторингдин натыйжалары.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

8-сентябрь – «Мекендештер Форуму» долбоорунун алкагында «Аракет» дискуссиялык клубунун Bigser Sport компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу

 

Убактысы: 18:30-20:30

Орду: Кафе Сиерра, Таш Рабат

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0555812251 muhovikova17@gmail.com и 0703416049 Jannat.kt@gmail.com

 

 

10-сентябрь – Баткен облусунун Чоң-Кара айылындагы «Алтын Балалык» бала бакчасын оңдоо иштеринен кийин расмий түрдө пайдаланууга киргизүү

 

Баткен облусунун Чоң-Кара айылындагы Келечек - 1 «Алтын Балалык» бала бакчасы оңдоо иштеринен кийин расмий түрдө пайдаланууга тапшырылды. Балдар бакчаларын реабилитациялоо «Суу жана жайыт ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн тиешелүү жергиликтүү институттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана потенциалын арттыруу» DFID долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

11-сентябрь – «Жайлоодо өнүктүрүүнүн мыкты борбору – 2015» конкурсунун жыйынтыктарын чыгаруу жана номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү аныктоо

 

Калыстар тобунун мүчөлөрү конкурстун жыйынтыктарын чыгарат, номинациялар боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

12, 19, 26-сентябрь – «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы

 

Өткөрүү убактысы:11-00

Өткөрүү орду:  «Раритет» китеп дүкөнү, Чүй пр., 271-үй

Бул акция чоң кишилер балдарга китеп окуп берүүсүн, кенже куракта китепке жана китеп окууга болгон сүйүүнү каныктыруу, ошондой эле үй-бүлөдө маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында коомдук жерлерде жана балдар мекемелеринде балдарга китепти үн чыгарып окуу иш-чараларын жана акцияларын камтыйт.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627

 

 

Апта сайын жума күндөрү - «Гений» радио берүүсү

 

Убактысы: 13-30дан тартып 14-00гө чейин

Кайда: «Биринчи Радио» (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg онлайн угууга болот)

Жума сайын программанын алып баруучулары Гүлзада Медералиева менен Асылбек Жоодонбеков меймандар менен бирге билим берүүгө жана тарбиялоого тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулайт.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0552 600 738, e-mail: asanasyl@gmail.com

 

 

15-сентябрь – Баткен облусунун Марказ айылында «Келечек-1» бала бакчасын оңдоо иштеринен жана эмеректер жаңыртылгандан кийин расмий түрдө пайдаланууга тапшыруу

 

Баткен облусунун Марказ айылында бала бакчасы оңдоо иштеринен жана эмеректер жаңыртылгандан кийин расмий түрдө пайдаланууга тапшырылды. Бала бакчасын реабилитациялоо «Суу жана жайыт ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн тиешелүү жергиликтүү институттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана потенциалын арттыруу» DFID долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

15-сентябрь – «Жайлоодо өнүктүрүүнүн мыкты борбору – 2015» конкурсунун жеңүүчүлөрүн расмий сыйлоо

 

Башкы байгени тапшыруу – жайлоодогу мыкты бала бакчага боз үйлөр. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө чет өлкөгө сапарга 10 сертификатты тапшыруу.

Убактысы жана орду кошумча маалымдалат.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

15-сентябрь кеже куракта китеп окууну алга илгерилетүү маселелери боюнча ЛПР, китепканалардын, жазуучулардын жана башкалардын катышуусу менен тегерек стол

 

Өткөрүү орду: Ысык-Көл облусу (кошумча түрдө кең-кесири маалымдалат)

Тегерек стол өлкөдө китеп окууну жана мектепке чейинки билим берүүнү алга илгерилетүү жагынан чыныгы көрүнүштү талкуулоодо чечим кабыл алуучу адамдар үчүн платформа болмокчу; китеп окууну алга илгерилетүү боюнча өнөктөш уюмдардын турмушка ашырылган программаларынын натыйжалары сунуш кылынат.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627

 

 

24-сентябрь«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында «Айтматовду окуйбуз» акциясы.

 

Өткөрүү орду:  Ч.Айтматов атындагы китепкана

Өткөрүү убактысы: 11-00

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627

 

 

26-сентябры – «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» долбоорунун алкагында татар жана башкыр музыкалык маданиятынын концерт-презентациясы

 

Өткөрүү убактысы: 14-00

Өткөрүү ордуКонсерватория (Жантөшев көчөсү 115. Совет көчөсү менен кеслиште)

Кирүү акысыз.

Татарлар менен башкырлардын музыкасы Борбордук Азия элдеринин музыкасынан кыйла айырмаланат. Бул айырмачылык эмнеде? Бул жөнүндө, ошондой эле татар жана башкыр элдеринин музыкалык аспаптары жана музыкалык салттары жөнүндө Сиз биздин концерттен биле аласыз.

Долбоорду ПРООН колдоду.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660 382, 0772 800 376

 

 

28-сентябрь Баткен облусунун Ай-Көл айылындагы «Ай-Көл» бала бакчасын оңдоо иштеринен кийин расмий түрдө пайдаланууга тапшыруу

 

Балдар бакчаларын реабилитациялоо «Суу жана жайыт ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн тиешелүү жергиликтүү институттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана потенциалын арттыруу» DFID долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

Жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн, ошондой эле келечекте өз балдар бакчасын ачууга ниеттенип жаткандар үчүн «Директорий» тренинги

 

Курс төрт тренингден турат, алардын ар бири өзүнчө теманы камтыйт. Машыктыруучу – Мария Миркес, Красноярск, Россия. Мария – антропоника мектебинин жетекчиси, бүткүл Россия боюнча жетекчилер үчүн курстарды өткөрөт. Россиядагы «Директорий» курсунан өткөн балдар бакчалары өз региондорунда мыкты билим берүү уюмдары болуп калат.

Азыркы «Кардарлар» тренингинин темасы. Жеке балдар бакчасы өз кардарларынын каражаттарына иштейт, бул бардык күчүн жумшоону жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын талап кылат.

Жеке балдар бакчасынын директору атаандаштык шарттарында кардарды кантип тартууга жана аны кантип кармап калууга тийиш, «кардар-балдар бакчасы» мамилелери кандай болууга тийиш, өз ишинин сапатын кардарга кантип көрсөтүү керек, кызмат көрсөтүүлөргө бааны кантип кармап турууга же жогорулатууга болот?

Ушул жана башка көптөгөн маселелерди кантип чечүү керектиги жөнүндө ушул тренингде Мария Миркес айтып берет. Тренинг эки күнгө созулат жана жетекчилерге эң мыкты кеңештердин негизинде түзүлгөн. Өткөрүү орду кошумча маалымдалат.

Машыктыруучу менен макулдашуу боюнча Сиздин бала бакчаңызга баруу менен жекече консультациялар берилиши мүмкүн.

Так убактысы жана өткөрүү орду кошумча маалымдалат. Биздин анонсторго көз салып туруңуз.

Катышуунун наркы 7000 сом

Жазылуу төмөнкүдөй телефондор боюнча: 660 382, 0772 800 376

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мекендештердин иштери боюнча кеңештин биринчи жыйналышы

 

Убактысы жана орду такталып жатат.

Кирүү чакыруу билеттери боюнча.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0555812251 muhovikova17@gmail.com жана  0703416049 Jannat.kt@gmail.com

 

 

"Эко-сэлфи" конкурсу 30-сентябрга чейин улантылат

 

Селфи (өзүн сүрөткө тартуу) өзүңдүн асыл ишиңдин жана анын натыйжаларынын фонунда жана смартфон утуп ал (ишембилик, көчөт отургузуу, аймакты жашылдандыруу, короону тазалоо жана көптөгөн башкалар).

Конкурс «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулду.

Конкурстун жеңүүчүлөрү байгелер менен сыйланат.

Конкурска катышууга бардык каалагандарга жол ачык.

Конкурстун шарттары жөнүндө www.festival.roza.kg сайтынан кең-кесири билүүгө болот.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 66-03-68, 0550 328899

 

 

"Эко-фото аңчылык" конкурсу 30-сентябрга чейин улантылат

 

"Экологиялык фото аңчылык" – бул ар бир фотограф (кесипкөй же ышкыбоз) сунуш кылынган темаларга өзүнүн түшүнүгүн/көз карашын билдирип жана фотоаппарат утуп ала алуучу аянтча.

Конкурска катышууга бардык каалагандарга жол ачык.

Конкурстун шарттары жөнүндө festival.roza.kg сайтынан кең-кесири билүүгө болот.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899

 

 

Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

 

Өткөрүү датасы, убактысы жана орду такталып жатат.

Лекторий «Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары жана экология жөнүндө» темасына экология, биология, химия жана география мугалимдери үчүн уюштурулат.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660368, 0550 328899 bilimfest2@roza.kg

 

 

Билим кербени: Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы

 

Өткөрүү датасы, убактысы жана орду такталып жатат.

Тема "Экологиялык билимдер"

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660368, 0550 328899 bilimfest2@roza.kg

 

 

Эко-долбоордун алкагында «ТазаБИШ» (Таза Бишкек) эко-акциялары.

 

Акциянын максаты – сырттан карап байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда, Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу.

Каалагандардын бардыгы чакырылат.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660368, 0550 328899 bilimfest2@roza.kg

 

 

Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мектептеринин арасында макулатура чогултуу боюнча мелдештер (уландысы).

 

Бишкек шаарынын каалаган бардык мектептери чакырылат. Мелдештин жыйынтыктары 2015-жылдын октябрынын башында чыгарылат.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660368, 0550 328899 bilimfest2@roza.kg

 

 

Эко-долбоордун алкагында экология боюнча видео-роликтер.

«Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен» эко-долбоорунун алкагында анимация/инфографика форматында экология боюнча кезектеги видео-роликти түзүү жана трансляциялоо күтүлүп жатат. Видео-роликтер төмөнкү сайттарда жеткиликтүү:

www.roza.kg

www.festival.roza.kg

Ошондой эле биздин фэйсбук барагыбызда.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660368, 0550 328899 bilimfest2@roza.kg