Эл аралык балдар китебинин күнү

April 2, 2013, 06:00

2-апрель Ганс Христиан Андерендин туулган күнү, бул күнго карата дүйнө жүзү боюнча Эл аралык балдар китебинин күнү белгиленет. Анын негизги максаты – бул адабиятка, балдарга арналган китеп искусствосуна жана маданиятына, ошондой эле балдар китебинин жетиштүүлүгүнө, дегеле балдардын китеп окуусун таркатуу болуп эсептелет.

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду, бул демилгеден четте калбай балдар билимин көтөрүү иштерининин алкагында балдар арасында китеп окуу маданиятын кеңири таркатып келет. Андыктан, 2013 жылдын 18-19 май күндөрүндө Бишкек шаарында алгачкы жалпышаардык Билим Фестивалы өтөрүн кабарлайбыз. Фестивалдын компонентеринин бири – бул “Китеп жыйыны” иш-чарасы каралган. Интерактивдүү форматтагы иш-чара өзүнө китеп-жарманкесин, балдар жазуучулары менен катышуучулардын жолугушууларын, элет мектептери менен бала бакчаларга китеп чогултуу боюнча атайын кайрымдуулук акциясын камтыйт. Ошондой эле салтанатта эстрадабыздын белгилүү жылдыздары, атактуу спортчулар жана көрүнктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер бөбөктөргө жомок окуп беришет.

 Кеңири маалыматты төмөнкү телефондордон алууга болот: +996 (312) 660382,898165, эл.адрес: bilimfestival@roza.kg