«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду экология боюнча плакаттарды чыгарды

September 3, 2015, 06:00

«Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мектептери үчүн экология боюнча плакаттарды чыгарды.


"Жаш бишкектиктин эрежелери" плакаты жаш мектеп окуучуларын курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат.


"Эко-календарь", өзүнө бардык экологиялык даталарды жана майрамдарды камтыйт, мугалимдер үчүн, ошондой эле окуучулар үчүн маалымат материалы болуп саналат.


Материалдардын жана плакаттарды таратуунун башкы максаты – курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылып жана өз шаарынын тазалыгы жөнүндө камкордук көрө турган жигердүү, билимдүү өсүп келаткан муунду тарбиялоого салым кошуу.


Бул плакаттар 20-августта А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин «Август окуулары» конференциясында Бишкек шаарынын мектептеринин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелеринин ортосунда акысыз таратылды.




Вы также можете скачать плакаты для распространения и использования в учебных заведениях (для скачивания нажмите на картинку или ссылку в тексте выше).