«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Август окуулары» конференциясына катышуусу

August 27, 2015, 06:00

Өткөн бейшембиде 20-августта А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин «Август окуулары» конференциясы өттү.


2015-жылдагы конференциянын темасы – «Кыргызстандагы билим берүү: сапат, жеткиликтүүлүк, атаандаштыкка кудуреттүүлүк».

 

Конференцияга Бишкек шаарынын мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, ошондой эле борбор шаардын Балдар чыгармачылыгынын борборлору, коомдук уюмдары жана ЖОЖдору катышты, алар менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Бишкек шаарынын Вице-мэри жана Бишкектин Мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги учурашты.

 

Конференцияда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Аткаруучу директору Д.Ш. Кендирбаева «Билим берүүнү өнүктүрүүдө өнөктөштүк тажрыйбасы» деген темада баяндама жасады.

Өз сөзүндө Д.Ш. Кендирбаева Фонд Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлор жана Фонддун Бишкектин билим берүү мекемелери менен кызматташтыгынын мүмкүн болгон жолдору жөнүндө айтып берди.

 

Конференциянын алкагында билим берүү көргөзмөсү уюштурулду, анда Бишкектин 4 районунун Балдар чыгармачылык борборлору, ошондой эле Жаш техник станциясы каалагандарга мастер-класстарды өткөрдү, ал эми коомдук фонддор, уюмдар жана «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен» эко-долбоорунун өнөктөрү өздөрүнүн билим берүү ресурстарын сунуш кылды.

 

Көргөзмөдө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду да өзүнүн материалдарын сунуш кылды. Фондун көп сандаган материалдарынын арасында жаш шаардыктарды окуу жылынын башталышына карата чыгарылган, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырган экология боюнча «Жаш бишкектиктин эрежелери» плакаттары, ошондой эле өзүнө бардык эл аралык экологиялык даталарды жана майрамдарды камтыган «Эко-календарь» сунуш кылынды. Бул плакаттар «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун алкагында даярдалды жана конференциянын бардык катышуучуларынын арасында акысыз таратылды.

 

Билим берүү конференциясын жана көргөзмөсүн Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы уюштурду.