Түштүк региондун окуучу кыздары үчүн табыгый-техникалык сабактардын жайкы мектеби аяктады

August 21, 2015, 06:00

2015-жылдын 14-августунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун колдоосу менен М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин базасында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мектептеринин окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын жайкы мектеби аяктады.

 

Эске сала кетсек, жайкы мектептин I агымы – 2015-жылдын 13-июлунан 25-июлуна чейин, II агымы 2015-жылдын 3-августунан 14-августуна чейин өттү. Бардыгы болуп жайкы мектепке түштүк региондун ар кандай мектептеринен 8-10-класстардын 55 окуучу кызы катышты. Жайкы мектептин акыркы күнү бардык катышуучу кыздар ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат алды.

 

Жавйкы мектептин негизги максаты – кыздарга багыттарды тандоо жагынан жардам берүү жана ЖОЖдорго техникалык адистикке тапшырууга даярдоо.

 

Жайкы мектептеги сабактар дүйшөмбүдөн жумага чейин өтүп турду, мектепти ишке ашырууга ОшТУнун физика, математика, химия, информатика жана англис тил сабактары боюнча окутуучулары тартылды. Сабактар интерактивдүү лекция, лабораториялык жана практикалык сабактар түрүндө өткөрүлдү, алардын процессинде окуучулар белгисиз формадагы телолордун тыгыздыгын аныктоо боюнча ар кандай тажрыйбаларды жана лабораториялык иштерди жүргүздү, компьютерди программалык камсыз кылууну изилдеди жана офистик программаларда иштеди, теңдемелер жана көбөйтүү менен байланышкан татаал тапшырмаларды чечти, жигердүү талашып-тартышты жана англис тилин үйрөнүү учурунда ролдук оюндарды пайдаланды.

 

Жайкы мектептин аягында Ош шаарындагы “Сымбат” АК, “Долбоор” ОА Долбоорлоо институту, “Юг-Стройсервис” ААК жана “Барбол” ЖЧК сыяктуу өндүрүштүк уюмдар боюнча экскурсия уюштурулду.

 

Жайкы мектеп башталганга чейин окуучу кыздар техникалык билимдин учурдагы багыттары жөнүндө аз маалымдар болгон, бирок катышуучулардын айтымы боюнча, алар үчүн жайкы мектеп өтө пайдалуу жана зарыл болгон, анткени алар өз келечегин техникалык кесиптер менен байланыштырууну чечкен. Кыздар ушундай мектептерди келечекте улантуу ниетин билдирди.

 

Белгилеп кетүү керек, жайкы мектепке катышууну каалагандар аз болгон жок, өзгөчө Лейлек, Баткен, Алай жана Кара-Кулжа райондору сыяктуу бийик тоолуу жана алыскы райондордон аз болгон жок, бирок ушундай жайкы мектеп биринчи жолу уюштурулгандыктан, катышуучулардын саны чектелүү болду.