Нургуль Осмонова: «Жайлоодогу балдар кызыктуу окуу процесси менен алек болду»

August 20, 2015, 06:00

Нургуль Осмонова (тогуз коргол боюнча спорттун чебери) жайлоодогу бала бакчага баруудан өзүнүн пикирлери менен бөлүшөт, ал волонтер катары балдар үчүн мастер-класстарды өткөрдү жана балдарды тогуз коргол ойноого үйрөттү (автордун стилистикасы жана орфографиясы):

 

"Жакында «Жайлоо бала бакчасы» долбоору менен таанышуу бактысына бөлөндүм (https://m.facebook.com/jailoo.kindergartens бетине шилтеме). Бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду көтөрүп чыккан жана жергиликтүү тургундар менен бийликтер колдогон өтө кызыктуу идея. Жай мезгилине боз үйлөрдө бала бакчалары уюштурулган. Тарбиячылар айткандай, бала бакчаларына жергиликтүү балдар гана эмес, ошондой эле борбор шаардан адаттагыдай каникулга чоң энелерине келген меймандар да барышкан. Өтө кызыктуу ой, анткени балдар жайлоодо жагымдуу окуу процесси менен алектенет. Жайлоо бала бакчасы – бул таза аба, улуттук боз үйлөрдө окуу, башка балдар менен таанышуу жана баарлашуу. Жай бою көп сандаган иш-чаралар өткөрүлдү. Тарбиячылар өткөргөн сабактардан тышкары атайын келген студенттер жана компаниялар, ошондой эле ойдо жок жерден келип калган меймандар мастер-класстарды өткөрдү.

 

2 күндүн ичинде биз бири-биринен өтө алыс болгон 5 жайлоого бардык. Айрымдарында кала берсе мобилдүү балдар аянтчалары жасалган. Долбоордун координатору айткандай, жайлоолордун биринде кала берсе пианино бар!!!

 

Кыргызстанга ар бир сапардан кийин, өз өлкөмдү ошончолук жакшы көрө баштадым! Ошондой эле бизде жүрөгү таза жана ак ниет кишилер жашаарына ынандым.”

 

Н.Осмонованын фотосу жана комментарийлери