Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Р.И. Отунбаевага «Саясат жаатындагы иши үчүн 2015-жылдын Минервасы» сыйлыгы берилди

August 7, 2015, 06:00

“Аялдар клубу” (Италия) 2015-жылдын 24-июнунда Кыргызстандын мурдагы Президенти Р.И. Отунбаевага Кыргызстанда жогорку институттук ролу жана эл аралык планда тынчтыкты жана демократияны орнотууга пайда келтирүүдө туруктуу иштегендиги үчүн Италия Республикасынын Президентинин Жогорку Патронаты астында “Саясат жаатындагы иши үчүн 2015-жылдын Минервасы сыйлыгын” берди.

 

Сыйлык 1983-жылы “Il Club delle Donne” коммерциялык эмес ассоциациясы тарабынан уюштурулган жана Италияда да, ошондой эле бүткүл дүйнөдө да өзүнүн коомун жаңы билимдерге, жаңы баалуулуктарга жана жаңы кызыгууларга үйрөтүү үчүн тоскоолдуктарга каршы күрөшкөн көрүнүктүү аялдарга жыл сайын берилет. Ушул мезгилге чейин сыйлыкты Европа парламентинин биринчи аял-президенти Симона Вейл; ЮНИФЕМдин мурдагы аткаруучу директору Ноэлин Хейзер; Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода министри Шейха Лубна Аль-Касими; ФЕМНЕТтин Президенти Мама Коите Думбия; Алжирдин маданият министри Халида Мессаоуди; ЮНЕСКОнун Башкы директору Ирина Бокова; Ирандын туңгуч аял вице-президенти Масуме Эбтекар алышкан.

 

Сыйлык Миневранын (даанышмандыктын кудайы) башы тартылып, кымбат баалуу таштар менен кооздолгон, алтындан жасалган көкүрөккө тагылуучу белги, аны 1983-жылы бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон италиялык сүрөтчү Ренато Гуттузо чебердик менен жасаган.