«Жайлоодогу өнүгүү борборун жактырган Надежда Мирошникова»

August 13, 2015, 06:00

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Солтон Сары жайлоосундагы «Эдельвейс» эксперименталдык жайлоо бала бакчасы менен №15 жайлоо бала бакчанын бириккен өнүгүү борборунда элүү бала катталган. Жайлоого убактылуу эс алууга келгендер үчүн да ачык. Айрым учурларда балдардын саны алтымышка жеткен учурлар да болот. Окутуу процесси балдарды кенже жана чон курактагы тайпаларга бөлүү менен жүргүзүлөт. Ошондой эле борбордоштуруп иштөө ыкмасы да кеңири колдонулат. Биз барган мезгилде Балыкчыдан эс алганы келген Надежда Мирошникова дагы балдарга аралашып, тайпада иштеп жатты. Тоолуктарга тез эле аралашып тил табышып кеткендигин, тарбиячы Айжан кубануу менен белгиледи. Жайлоо бала бакчалары тоодогу балдарды ар тараптуу өнүктүрүү менен катар достуктун, биримдиктин ордосу катары кызмат кылгандыгы бизди абдан кубандырат . Анда эмесе Надянын сөзүнө кулак төшөйлү.