Ош шаарынын окуучу кыздары үчүн жайкы мектептин II тобунун ачылышы

August 5, 2015, 06:00

Ош технологиялык университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын колдоосунда 3-августта окуучу кыздар үчүн жайкы мектептин II тобу башталды. Ош шаарынын, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын түрдүү мектептеринин 35 катышуучусу кийинки эки жума бою дүйшөмбүдөн жумага чейин информатика, физика, химия, математика жана англис тили сабактарына барышат. 25 катышуучу райондордон келишкен жана алар үчүн ОшТУнун ректору ОшТУнун студенттик жатаканасында акысыз жашоо уюштурулган.

 

Сабактар 2 жумага эсептелгендиктен, ар бир күн бир сабакка арналган. Биринчи күнү окуучу кыздар химияны окушту. Биринчи жарымы теориялык суроолорго арналды, алар суроолорго жооп беришип, теманы талкуулашып, логикалык жактан ойлонууга үйрөнүштү. Сабактын экинчи бөлүгүндө кыздар окутуучу менен бирге тажрыйбаларды жүргүзүштү. Айрым окуучулар үчүн көргөндөрү чыныгы ачылыш болду, анткени алардын көпчүлүгү ушул сабакты кызыгуу менен окушат.