«Кыргызстан демократиялык шайлоолорду өткөрүүдө Монголиянын тажрыйбасын үйрөнүүдө», - КР экс-президенти Р. Отунбаева

August 2, 2015, 06:00

Монголиянын лидери Ц. Элбэгдорж 28-июлда Монголиянын алгачкы эркин парламенттик шайлоолору өткөрүлгөн күндүн 25 жылдыгын салтанаттуу майрамдоого катышуу үчүн биздин өлкөгө келген Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеваны кабыл алды.

 

Р. Отунбаева анын өлкөсү демократиялык шайлоолорду өткөрүүдө Монголиянын тажрыйбасын үйрөнүп жаткандыгын белгилеп, Кыргызстан 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген алдыда боло турган парламенттик шайлоодо электрондук добуш берүү системасы колдонула тургандыгын кошумчалап кетти.

 

Өз кезегинде Элбэгдорж мырза электрондук добуш берүү системасы таза, ачык жана чыр-чатаксыз шайлоолорду өткөрүү үчүн пайдалуу жана шайлоочуларды жалпы электрондук каттоо маанилүү экендигин белгиледи.

 

“Шайлоолорду өткөрүү маселелери боюнча социологиялык сурамжылоо өткөрүү да маанилүү, бирок ал саясий партиянын өзү тарабынан уюштурулса, анда алынган жыйынтыктар күн мурун жасалышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу эл аралык стандарттарга ылайык көз карандысыз сурамжылоо жүргүзүү зарыл”, - деди Элбэгдорж мырза.

 

Андан соң тараптар коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоолорду өткөрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулашты.

 

Р. Отунбаева Монголиянын шаардык башкармалыгынын тажрыйбасын үйрөнүүгө да кызыкдар экендигин билдирди.

Улаанбаатар /МОНЦАМЭ/