КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Монголияга сапары болуп өттү

August 3, 2015, 06:00

29-июлдан 1-августка чейин КР экс-Президенти Р.И. Отунбаева Монголиядагы алгачкы демократиялык шайлоолордун 25 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларга катышты жана салтанаттуу чогулушта куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

 

Экс-Президенттин сапарынын жүрүшүндө аны Монголиянын Президенти Ц. Элбегдорж, парламенттин спикери З. Энкболд кабыл алды, ал ошондой эле Улан-Батор шаарынын мэри, тоо-кен өнөр-жай, билим берүү, маданият жана илим, экология, жашылдандыруу жана туризм министрлери менен жолукту.

 

Сапардын жүрүшүндө Р.И. Отунбаева Монголияда жайкы убакта чабандардын балдарын тарбиялоонун кеңири жайылтылган практикасы – жайыттагы балдар бакчасына барды. Эки тараптуу маданий байланыштарды жөнгө салуу максатында ал Монголиянын сүрөтчүлөр союзунда, Улан-Батордун музейлеринде жана галереяларында болду.

 

Экс-Президент Р.И. Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүнүн толук текстин шилтемеси боюнча табууга болот.