4 миң метр бийиктиктеги Бугу-Баш жайлоосунда чабан өзүнүн атасынын боз үйүндө балдар бакчасын ачты

August 5, 2015, 06:00

Ош облусунун Чой-Алай районунда бийик тоолуу Бугу-Баш жайлоосунда чабан Назараалы уулу Чолпонбай атасынын боз үйүн балдар бакчасы кылып жасап алды. Бул жөнүндө КырТАГга “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун кызматкерлери дүйшөмбү күнү билдирди.

 

Бугу-Баш жайлоосундагы балдар бакчасы фонддун эң бийик тоолуу долбоору болуп калды. Тоонун чокусунун бийиктиги 4 миң метрден ашат.

 

“Бугу-Баш – эң бийик тоо чокусу, анда Кыргызстандын жайлоосундагы балдар бакчасы ачылган. Аны балдар бакчасынын тарбиялануучусунун ата-энеси – чабан Назараалы уулу Чолпонбай ачкан. Ал ушул балдар бакчасы үчүн өзүнүн атасынын боз үйүн берди”, - деп билдирди фонддун кызматкерлери.

 

Бардыгы болуп Кыргызстанда жайлоодогу 100дөй жайкы балдар бакчасы ачылган, алардын ичинен болжол менен 40ы түштүктө. Бул жерде балдар акысыз эс алышып, күч топтошуп, ден соолуктарын чыңдашат.

 

Чабандардын көпчүлүк балдары үчүн жайлоодогу жайкы балдар бакчалары баарлашуунун, достуктун жана чыныгы үйрөтүүчү балдар оюндарынын алгачкы мектеби болуп калды.

 

Фонддо сүйлөө речи бузулган 3 жаштагы Асель жөнүндө айтып беришти. Ал кыздын энеси күн сайын сабакка баруу жана башка балдар менен активдүү баарлашуу жакшы таасир эткендигин – кыз тез сүйлөп, өсө баштагандыгын ыраазычылык билдирүү менен айтып берди.

 

Фонддун кызматкерлери жайлоодогу балдар бакчаларын дайыма инспекциялап турушат – балдарга жомок айтып беришет, жаңы оюндарга жана көндүмдөргө үйрөтүшөт жана албетте, белек алып келип турушат.

 

Бир жума бою фонддун кызматкерлери Ош облусунун жайлоосундагы алты балдар бакчасына жана Жалал-Абад облусунун жайлоосундагы эки балдар бакчасына барышты. Бул жолу алар балдар бакчаларына радиоприемниктерди жана “Дүйнө эл жомоктору” фондунан алынган кыргыз тилиндеги жомоктордун аудио жазууларын алып келип беришти.

Сүрөт “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан берилди

КырТАГ – Айзура Чыкынова