Дайыма билим алууга умтул

August 2, 2015, 06:00

Ош мамлекеттик университетинде компьютердик сабаттуулук боюнча аялдар үчүн жайкы ишемби мектебинин алкагында кошумча топ ачылды. Компьютердик сабаттуулукка окууну каалагандардын саны көп болгондугуна байланыштуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсы үчүнчү топту ачууну чечти, ал мурдагы эки топ сыяктуу эле Ош шаарынын мектептеринин физика, математика, химия сабактары боюнча мугалимдерди камтыйт. Катышуучулардын курагы 35 жаштан жогору.


Жайкы мектептин максаты – аялдардын потенциалын күчөтүү, атап айтканда андан ары иштөө үчүн компьютердик технологиялар жаатында өздөрүнүн билимин өркүндөтүүгө муктаж болгон аялдарга жардам берүү. Азыркы дүйнөнүн талаптары күн сайын өзгөрүүдө, МКТ жаатындагы талаптар да четте эмес. Ошондуктан аялдар, айрыкча мектептердин окутуучулары өздөрүнүн ишинде колдонуу жана кийинки муунду окутуу үчүн маалыматтык ресурстарды башкаруу көндүмдөрүнө муктаж. “Компьютердик сабаттуулук” курсу МКТ жаатында такыр түшүнүгү жок колдонуучуларды да, ошондой эле ПК менен иштөөнүн айрым базалык көндүмдөрүнө ээ болгондорду да окутуу үчүн арналган.


Бүгүнкү күндө ар бир топто 25 аялдан 75 аял окуп жатат. Сабактар ошондой эле ишемби күндөрү, 2015-жылдын 29-августуна чейин өткөрүлөт.