«Эӊ бийик жайлоодо балдардын күлкүсү жаӊырды»

August 3, 2015, 06:00

2015 жылдын 27 - июлунан 3 – августуна чейин тартып «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад областарында болушту.


Алдын ала белгиленген сапардын программасына ылайык (2015 жылдын 1 августуна чейин) Фонддун кызматкерлери Ош областындагы алты жана Жалал-Абад областындагы эки жайлоо бала бакчага барып келгенге жетишишти. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет: Чон Кочкорчу жайлоосундагы «Чон Кочкорчу» жайлоо бала бакчасы, Кош-Дөбө жайлоосундагы «Чак» жайлоо бала бакчасы, Балыкты жайлоосундагы «Жекенди» жайлоо бала бакчасы, Бугу-Баш жайлоосундагы «Кара-Мык» жайлоо бала бакчасы, Каман жайлоосундагы «Кабык» жайлоо бала бакчасы, (Чон-Алай) жана Гульчо айыл өкмөтүндөгү, Чыйырчык жайлоосундагы «Наристе» жайлоо бала бакчасы (Алай, Ош областы), Сузак районуна караштуу Саз жайлоосундагы бала бакчасы, Ала-Бука районунун, Орукту-Сай жайлоосундагы «Арашан» жайлоо бала бакчасы, (Жалал-Абад областы).


Алай жергесинин кайталангыс кооздугу, анын асман тиреген, бийик жана табышмактуу тоолору, жергиликтүү аймактын сулуулугу, түшүмдү көп берүүчү өрөөндөрү, айыктыруучу касиеттерге бай булактары, жагымдуу жана ынгайлуу аба-ырайысы менен тынбай суктанууга болот.


Бугу-Баш – Кыргызстандагы эӊ бийик тоо чокусу жана бул жакта жайлоо бала бакчасы ачылган. Бала бакчаны ачууга жергиликтүү жашоочу, Назараалы уулу Чолпонбай, жардам көрсөткөн. Ал бул жайлоо бала бакчага өз атасынын боз үйүн бекер тартуулаган.


Мындан тышкары Фонддун кызматкерлери Алай жана Чон-Алайдын активдуу чеберлеринин (сайма, оймо, токуу) тиричилиги менен таанышышты. Бул аймактагы ар бир үй-бүлөдө курак, терме жана сайма саюуучу таланттуу аялдар бар.


Жайлоо бала бакчаларда Фонддун аткаруучу директору, Кендирбаева Д.Ш. балдарга элдик жомокторду окуду, ата-энелер менен баланы эрте жашынан тарбиялоонун зарылдыгы жөнүндө баарлашып жана Масару Ибуканын «Үч жаштан кеч» аттуу китебин тааныштырды. Фонддун кызматкери, Мамаева Бегайым, оригами боюнча мастер-класстарды өткөрүп, абага балдардын кыялдары жана тилектери жазылган учактарды кое беришти. Боронбаев Ажимамат Жусупович (ОшМУнун Философия факультетинин доценти) жана Айтбек кызы Саадат (Фонддун кызматкери) балдар менен стратегиялык оюндарды жана бий элементтери менен айкалышкан оюндардын мастер-класстарын көрсөтүштү.


Аселдин окуясы (Орукту Сай жайлоосундагы, «Арашан» жайлоо бала бакчасынын тарбиялануучусу): Уч жаштагы тилинин чыгуусу жана так сүйлөөсү кечеӊдеген Аселдин садикке келүүсү, балдар менен пикир алышуусу сүйлөө жөндөмдүүлүгүнун өнүгүүсүн тездетти. Аселдин апасынын айтымында, кызынын күн сайын бала бакчага келүүсү, башка балдар менен тил табышып аралашуусу анын тилинин өнүктүрүүсунө түрткү берди.


Айрыкча төрт окутуучудан турган топтун 1 июлдан баштап Жалал-Абад жергесиндеги бардык жайлоо бала бакчаларында – өнүгүү борборлору ар кандай мастер-класстарды, өнүктүрүүчүлүк интерактивдүү оюндарды, арт-терапия сыяктуу иш чараларды өткөзүп келгендигин баса белгилегибиз келет. Топтун ишмердүүлүгү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) алдындагы Педагогикалык колледжинин директору, Турдубаева Б.М., жетекчилигинин артынан өтүп жатат. Сузак районунун, Саз жайлоосундагы бала бакчада окутуучулардын тобу менен Фонддун кызматкерлери биргеликте балдар менен үйрөтүүчүлүк жана өнүктүрүүчүлүк программаны өткөзүштү.


Жайлоо бала бакчаларга-өнүгүү борборлорго Бакай банк, ЖАК «ФИНКА Банк», МФК "Финансовая Группа Компаньон» ЖАКдор керектөөчү материалдарды (канцелярдык товарлар, китептер, оюнчуктар) сыйлоо жана жайлоо бала бакчаларынын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуучу тренингтерди өткөзүү менен маанилүү жардамды көрсөтүп келишет.


Бардык кездешкен жайлоо бала бакчаларга радио кабылдагычтар жана кыргыз тилиндеги Коомдук телерадиоберүү корпорациянын (КТРК) «Дүйнө элдеринин жомоктору» аттуу фондусунан жазылган аудио жомоктордун топтому таратылды.


Жайлоо бала бакчаларындагы кездешүүлөр Ала-Бука айылдык кеӊешинин депутаты Рысбаев М., жайыт комитетинин төрагасы Арзыматов Н., Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн жектекчиси Акпаралиев С. жана башкалардын катышуусу менен өттү.

 

Кошумча маалыматты 0558678899, 0555332174 телефондору аркылуу жана www.roza.kg сайттынан билсеңиз болот.