Ош шаарынын мектеп окуучу кыздары үчүн жайкы мектептин биринчи тобу аяктады
July 28, 2015, 06:00Ош технологиялык университетинде мектеп окуучу кыздары үчүн жайкы мектептин I тобу аяктады, ал “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын колдоосунда өткөрүлдү. Ош шаарынын, Ош жана Баткен облустарынын түрдүү мектептеринен келген 20 катышуучу эки жума бою 2015-жылдын 13-июлунан 25-июлуна чейин информатика, физика, химия, математика жана англис тили сабактарына барышты. Сабактар жана мастер-класстар интерактивдүү лекциялар түрүндө ОшТУнун окутуучулары тарабынан өткөрүлдү.
Информатика сабагы өзүнө ПК жана локалдык тармактар архитектурасы боюнча лекцияларды жана практикалык сабактарды, ошондой эле Microsoft Office (Word, Excel, Power Point) пакеттеринин иш жүзүндө колдонулушун камтыды, ар бир сабактын аягында катышуучулар өздөрүнүн отчётторун жана бетачарларын көрсөтүштү.
Математика сабагы убагында катышуучулар математика боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн маселелери сыяктуу теңдемелер жана көптүктөр менен байланышкан татаал маселелерди чыгарышты.
Физика жана химия сабактарында катышуучуларда аныкталбаган формадагы нерсенин тыгыздыгын аныктоо боюнча лабораториялык иштерди жасоого же лекциялар менен виртуалдык сабактардан тышкары органикалык эмес химия боюнча химиялык реакцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болду.
Алсак, Ноокат районундагы Э. Эргешов атындагы мектептин 9-классынын окуучусу Абдыганы к. Махбууба жайкы мектепке катышуусуна мындай деп комментарий берди: “Жайкы мектеп мен үчүн абдан пайдалуу болду жана бардык сабактар түшүнүктүү жана кызыктуу өттү. Мага айрыкча математика, информатика жана химия сабактары жакты. Биз химиялык реакцияларды жүргүздүк, татаал маселелерди чыгардык жана бетачарлар менен электрондук таблицаларды түзүүнү үйрөндүк”.
Ошондой эле англис тил сабагы да абдан кызыктуу болду, анда катышуучулар тесттерден өтүшүп жана роль оюндарын аткарып жатышты.
Жайкы мектептин акыркы күнү катышуучулар үчүн “Сымбат” АКсы, “Долбоор” ААсы, “Юг-Стройсервис” ААКсы жана “Барбол” ЖЧКсы сыяктуу өндүрүштүк уюмдарга экскурсия уюштурулду.