Жалал-Абад облусунда «Бүт Кыргызстан балдарга китеп окуйт» кербени болуп өттү

July 31, 2015, 06:00

2015-жылдын 20-21-июлунда Жалал-Абад облусунда ЮНИСЕФтин колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсы тарабынан уюштурулган “Бүт Кыргызстан балдарга китеп окуйт” кербени болуп өттү.

 

Балдардын өнүгүүсү үчүн натыйжалуу эки күн Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Аксы райондорунда өткөрүлдү, ал жерлерде райондук китепканаларда балдар, алардын ата-энелери жана мугалимдер күтүп турушту. Алардын бардыгы долбоорго абдан кубанышып, балдардын окууга жана өсүп-өнүгүүгө умтулууларына, китептерге, жолугушууга, балдарынын кубанып тургандарына ыраазычылыгын билдиришти.

 

Балдар жазуучусу, балдарды абдан сүйгөн жана өзүнүн бүтүндөй чыгармачылыгын аларга арнаган Жылдыз Акаева ушул жолугушуулардын мейманы жана жылдызы болду. Ал өзүнүн жомокторун айтып берди, куурчактарын көрсөттү, ошондой эле жакында жарыкка чыга турган жаңы жомоктору менен бөлүштү. Ушул жолугушуулар ар бир балага абдан жагып, алар кунт коюп угушуп, маектешип, суроолорун беришип, кызыктуу жомокторду айтып беришти, окуп, ырдап жана бийлеп жатышты.

 

Ушул жылдагы кербен балдарда билим алуу аркылуу жаркын келечекке карай жол салууга каалоону жана умтулууну жаратты. Өнүктүрүү үчүн дем берүү, колдоо, коомду жандандыруу жана балага туура багыт берүү максатына ээ болгон ушундай долбоорлор – балдардын кубанычына арзыйт. Балдар болсо – биздин өлкөбүздүн татыктуу келечеги. Жалал-Абад облусу өнүгүүнүн туура жолунда бара жаткандыгы кубандырып турат!