«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФсынын кызматкерлеринин Ысык-Көл облусунун жайлоодогу балдар бакчаларына сапарлары болуп өттү

July 21, 2015, 06:00

2015-жылдын 10-14-июлунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФсынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Чоң Кызыл-Суу, Көк-Жайык (Жети-Өгүз району) жана Каркыра (Түп району) жайлоолорундагы төрт балдар бакчасына барышты. Сапардын негизги максаты жайлоолордогу балдар бакчаларынын-өнүктүрүү борборлорунун иши менен таанышып чыгуу болгон.

 

Жайлоодогу балдар бакчаларында балдар «Манас» айтышып, ыр айтып беришип, театрлаштырылган жана куурчак оюндарын көрсөтүп, ырдап-бийлеп беришти. Жайлоодогу балдар бакчасына экинчи жылы барып жаткан балдар бар.

 

Фонддун кызматкерлери балдар үчүн түрдүү өнүктүрүүчү программаларды өткөрүштү: когнитивдүү көндүмдөрдү жакшыртуу боюнча мастер-класстар, кагаздан кесип жасоо, логикалык, командалык оюндар, жомок окуу жана чыгармачыл номерлерди көрсөтүштү.

 

Жолугушуулардын биринде Шорукова Үпөл апа менен (83 жашта) таанышуу болду, ал өзүнүн демилгеси менен Каркыра жайлоосундагы (Түп району) балдар бакчасы үчүн боз үйүн берген. Апа сөз сүйлөп, Фонддун ишине ыраазычылыгын билдирди жана жетүүгө оор болгон жана бийик тоолуу райондордо жашаган балдардын мектепке чейинки билим алууга жана маданий өнүгүүгө жетүүсүн камсыз кылуу сыяктуу абдан маанилүү ишке ийгиликтерди каалады.

 

Жергиликтүү жашоочулар, чабандар балдарын өнүктүрүү борборлоруна (жайлоодогу балдар бакчаларына) кызыгуу менен активдүү алып келишүүдө. Жайлоодогу балдар бакчаларын өнүктүрүүгө жана мобилизациялоого лидер-аялдардын, Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун катышуучуларынын активдүү катышуусун өзгөчө белгилей кетүү зарыл.

 

Жайлоодогу балдар бакчаларындагы жолугушууларга төмөнкүлөр катышты: аткаруучу директор Д.Ш. Кендирбаева башында турган “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын жамааты, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Р.Н. Борбукеева, Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары М.С. Раматов, Аялдар кеңешинин төрагасы Гүлсүн Чыныбаева, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы

Т. Бектурганов, Кызыл-Суу жайыт комитетинин төрагасы Т. Сулайманбеков, Сан-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. Алтыбаев, Сан-Таш жайыт комитетинин төрагасы Калый Курманов, Липен жайыт комитетинин төрагасы Урмат Докоев, Каркырадагы балдар бакчасынын уюштуруучусу Мелис Шоруков, балдар бакчаларынын директорлору, тарбиячылар жана балдар.

 

Маалымат үчүн: Азыркы учурда Ысык-Көл облусунда жайлоодо 11 (он бир) балдар бакчасы иштейт. Кең-кесири маалымат www.roza.kg сайтында жана 0 312 66 03 82; 0 558 67 88 99 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.