Экс-Президент Р.И. Отунбаеванын Ош шаарына болгон сапары боюнча пост-релиз жана Баткен облусунун жайлоодогу балдар бакчалары

July 20, 2015, 06:00

15-17-июлда экс-Президент Р.И. Отунбаеванын Ош шаарына жана Баткен облусуна сапарлары болуп өттү.

 

Сапардын жүрүшүндө Роза Отунбаева ОшТУнун алдындагы жайкы мектептердин катышуучулары менен жолугушту. (Кең-кесири маалымат төмөнкү шилтеме боюнча: http://www.roza.kg/2015/07/10/v-gorode-osh-sostoitsya-otkrytie-dvuh-letnih-shkol-estestvenno-tehnicheskih-disciplin-dlya-zhenschin-i-shkolnic).

 

Ректор Абидов Абдыкадыр Оморович жана окутуучулар лагердин иши тууралуу айтып беришти. Лагердин катышуучулары да окуу мезгилинде алып жаткан билимдер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып беришти. Улуу класстардагы кыздар үчүн табигый-илимий сабактар: физика, математика, химия боюнча мастер-класстар өткөрүлүүдө.

 

Роза Исаковна берген маегинде ар кандай коомдун жашоо-турмушунда так илимдердин маанилүүлүгү, ушул жааттагы дүйнөлүк тенденциялар жөнүндө айтып өттү. Ал мугалимдерге кайрылуу менен мугалимдин ролу билимдин ар бир катышууга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушунда экендигин, ошондой эле билим иш жүзүндө багыттуу болушу керектигин баса белгилеп кетти.

 

Ош мамлекеттик университетинин алдындагы жайкы лагерде бардык курактагы аялдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча сабактар өткөрүлөт. Катышуучулар компьютердик сабаттуулуктун негиздерине кантип жетип жаткандыктары, жашоо-турмушта, балдарды окутууда компьютердик жана интернет технологиялардын маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

 

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ушундай окутуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЖОЖдун жетекчилиги ОшМУ студенттерди окутуу менен эле чектелбестен, коомдун маалымат алышын жогорулатууга салым кошуп жаткандыгына абдан ыраазы экендигин айтты.

 

Андан соң Р. Отунбаева башында турган фонддун командасы Кадамжай районунун Марказ айылындагы “Келечек-1” балдар бакчасына барды. Балдар бакчасынын иши менен таанышып, Роза Исаковна ата-энелер, тарбиячылар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү менен мектепке чейинки кенже курактагы балдарды эрте өнүктүрүү жаатындагы дүйнөлүк тенденцияларды, баланын өсүп-өнүгүүсүндө ата-энесинин жана коомчулуктун ролун талкуулады.

 

15-июль күнү саат 18.30да Баткен облустук драма театрында, ал эми 16-июлда Лейлек районунун “Алтын Бешик” балдар лагеринде режиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдык юбилейине арналган “Кызыл алма” фильми көрсөтүлдү. Көрүүгө чек ара аскерлеринин солдаттары жана офицерлери чакырылды.

 

Ушул эле күнү Баткен облустук телекомпаниясында Р.И. Отунбаева “Актуалдуу репортаждын” түз эфирине катышып, анда фонддун программалары жана пландары тууралуу айтып өттү жана телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди.

 

16-июлда Р.И. Отунбаева Лейлек районунун Тогуз-Булак жана Лейлек айыл округдарына караштуу Андиген, Кара-Мойнок, Төө-Жайлоо айылдарынын жайлоодогу балдар бакчаларына-өнүктүрүү борборлоруна барды. Жолугушуулардын жүрүшүндө Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык департаментинин башкы врачынын орун басары Дыйканалы Жунусалиев ичеги-карын-жугуштуу ооруларын алдын алуу жөнүндө маалыматтык аңгеме өткөрдү.

 

Жолугушууларга КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.П. Разаков, Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Б.Д. Жолчиев, Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук администрацияларынын башчылары А.К. Мадумаров, К. Салихов, Т.Т. Арипов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка өкүлдөрү катышты.

 

А. Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын артисти Айбек Жунусов балдарга жана ата-энелерге “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди, аны көрүүчүлөр жылуу кабыл алды. Лейлек балдар чыгармачылык борборунун педагогдору оригами, кыргыз колдонмо өнөрү, орус тили боюнча балдар үчүн мастер-класстарды өткөрүштү.

 

Өнүктүрүү борборлорунун ишинде ар түрдүү ыкмаларды да белгилеп кетүүгө болот. Алсак, Самаркандек айылындагы балдар бакчасы Балдар чыгармачылык райондук борбору менен тыгыз кызматташат, ал эми Кара-Мойнок жайлоосундагы балдар бакчасы ата-энелерди ишке активдүү тартып, алар ар кандай викториналарды, анча чоң эмес спектаклдерди өздөрү коюшуп, жомок окушат.

 

Ата-энелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү балдарды эрте өнүктүрүү үчүн жайлоолордун актуалдуулугун жана дурус экендигин белгилеп кетишти.