Р.Отунбаева: Элет жериндеги балдардын 5 пайызы бала бакчаларга барса, калган 95 пайызы короолордо, арыктарда, чаң көчөлөрдө жүрөт

July 24, 2015, 06:00

Элет жериндеги балдардын 5%ы бала бакчаларга барса, калган 95%ы короолордо, арыктарда, чаң көчөлөрдө жүрөт. Мындай пикирин Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жайлоо бала бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелери менен болгон жолугушууда экс-президент Роза Отунбаева билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.


Анын айтуусунда, жайлоо бала бакчаларында өнүгүү борборлору да уюштурулду. Ата-энелер, жаштар тарабынан жаңы билим, өзгөчө багыттар боюнча айтылган сунуштар менен өнүгүү борборлору кошо уюшулду, деди Р.Отунбаева.


«Билим берүү системасында реформа болсун деп көп айтабыз, ал эми буга адам коому, баарыбыз киришпесек өзгөрүү болбойт. Учурда билим берүү системасы сызга отурду деп көп айтабыз. Жалпыбыз киришип коомдо өзгөрүү болсо, ошондо жыйынтык болот. Элет жеринде 5% эле балдар бала бакчаларга барып атышат, 95%ы короолордо жүрөт, арыктарда, көчөлөрдө, чаң көчөлөрдө жүрөт. Ошондуктан көп аракет керек экен. Биздин жасап жаткан ишибиз кичине эле агым», - деди Р.Отунбаева.


Кыргызстан бул Швейцарияга тете кооз, татынакай жер экендигин айтабыз. Ошол жаратылышы кооз, абасы таза жайлоолордо бала бакчалар ишке кирип, өнүгүү борборлору иштеп жатат.


«Ата-энелер дайыма эле балдарга көңүл бурууга убакыт таппайт. Адатта балдар ата-энелерге суроо берип калса "ары турчу, колум бош эмес, азыр чолом тийбейт" деген жоопторду беришет. Андай болбошу керек. Мал-жандыкка көңүл буруп, алардын көбөйүшүн, саламаттыгын карайбыз. Ал эми бала – келечек урпак, балага 3 жашынан баштап терең тарбия беришибиз керек», - деди экс-президент.

Turmush