Ат-Башынын Көк-Талаа жайлоосунда жаңы ачылган бала бакчадан тарбия алууну каалагандар көп

July 24, 2015, 06:00

Ат-Башы районунун Көк-Талаа жайлоосунда жаңы ачылган «Сезим» бала бакчасы ишмердүүлүгүн баштады, деп билдирет бакчанын тарбиячысы Айзада Ашырова.


Бул бакча жаңы эле ачылгандыгына карабай балдардын саны арбын. «Р.Отунбаеванын демилгеси» фонду уюштурган даярдыктардан өтүү курсуна катышканбыз, деп кошумчалады тарбиячы.


«Ал жактан көптөгөн тажрыйбаларды алдык жана мастер-класстардан көп багыттарды үйрөнүп келдик. Бала бакчага окуу куралдары көп керектелет экен. Биз жайлоого бул жылы биринчи жолу чыктык. Учурда 25ге жакын бала менен 2 тарбиячы иштеп жатат», - деди А.Ашырова.


Аталган жайлоодо бул жылы 15ге жакын түтүн бар.






Turmush