Экс-президент Р.Отунбаева ата-энелерге балдарына жомоктогу каармандарды аткарып берүүнү сунуштайт
July 23, 2015, 06:00Экс-президент Роза Отунбаева ата-энелерге балдарына жомоктогу каармандарды аткарып берүүнү сунуштайт. Бул тууралуу кечээ, 21-июлда Нарын облусунун алыскы жайлоолорунда ачылган бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.
Ата-эне балдарына күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп бериши керек, деп кошумчалады ал.
«Мисалы, апасы эчки, атасы карышкыр болсун. Ошентип балдарга жомоктордун каарманы болуп бергиле. Силер дагы ролго кирип, аю десе аю, карышкыр десе карышкыр, эчки десе эчки болгула. Ошентсеңер балдардын өнөрү ачылат, булардын эсинде калат. Мындай нерселер балдардын аң сезимин, эс тутумун байытат экен. Баарыңарды ушуга чакырабыз», - деди Р.Отунбаева.
Учурда 3 диплом алып, бирок Россияда көчө шыпырып жүргөн жарандарыбыз бар. Биз болсо малды өстүрөбүз, семиртебиз деп эле балдарга көңүл бурбай өз тиричилигибизди өткөрүп келебиз, деп кошумчалады Р.Отунбаева.