Ат-Башынын Беш-Белчир жайлоосундагы «Тамчы булак» бала бакчасы тарбиялануучуларына ар кандай багытта билим берүүдө

July 22, 2015, 06:00

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагына караштуу Беш-Белчир жайлоосунан орун алган «Тамчы булак» жайлоо бала бакчасында учурда 30га жакын бала билим алып жатат. Ошондой эле, алар бош убактыларында ат минүүнү үйрөнүп жатышат.


Бала бакчанын тарбиячысы Гүлшат Абдраимованын айтымында, бул бала бакчада күнүнө 3 саат ар кандай багыттагы билим берилет. Китептер, көргөзмө куралдар «Р.Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан берилип турат.


«Ал эми боз үйдүн ижара акысына жайыт комитети менен айыл өкмөт көмөк көрсөтсө, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2 тарбиячыга эмгек акы бөлүнгөн», - деди Гүлбарчын Тойтукеева.


Бул бакчанын тарбиялануучуларынын сабакка болгон кызыгуусу жакшы, деп кошумчалады.

Turmush