Экс-президент Р.Отунбаева Нарындын алыскы жайлоолорундагы бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты

July 22, 2015, 06:00

Нарын облусунун аймагында ачылган жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүгү менен экс-президент Роза Отунбаева жакындан таанышып чыкты. Кечээ, 21-июлда Р.Отунбаева менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажара Дүйшөналиева дагы болду, деп билдирди аймактык кабарчы.


Алар алгач Ат-Башы районунун Ак-Муз, Ак-Моюн, Баш-Кайыңды айылдарынын жайлоолорунда ачылган бала бакчалардын ишин көрүп, анда окутулуп жаткан окуу программалары жана мастер-класстар менен таанышты. Ошондой эле Сары-Тал, Беш-Белчил, Босого жайлоолорундагы бала бакчаларды кыдырып, ата-энелер менен жолугушту.


Өз сөзүндө Р.Отунбаева балдарга билим берүүнү 3 жашынан башоо керектигин, жайлоо бала бакчаларын мындан ары өркүндөтүп, алардын ишмердүүлүктөрүн күчөтүнүн зарылдыгын белгилеп, бир катар суроолорго жооп берди.

Turmush