Ош шаарында айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча жайкы ишемби мектеби ачылды

July 14, 2015, 06:00

Ош мамлекеттик университетинде айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча жайкы ишемби мектеби ачылды. Мектепке катышкан аялдар Ош шаарынын мектептеринин физика, математика, химия сабактары боюнча мугалимдери болуп саналат. Катышкан айымдардын курагы 35 жаштан тартып жана жогору карай.


Жайкы мектептин максаты – мындан аркы иш үчүн компьютердик технологиялар жагынан өз билимдерин өркүндөтүүгө муктаждыкты сезген аялдарга жардам берүү. «Компьютердик сабаттуулук» курсу МКТ жагынан билими нөл деңгээлинде болгон пайдалануучуларды, ошондой эле ПК менен иштөөнүн айрым базалык билимдери бар адамдарды компьютер менен иштөөгө үйрөтүүгө арналган.


Курс ошондой эле интеграцияланган мультимедиялык продуктуну билдирет, ал ылайыктуу интерфейске ээ, үйрөнгөн материалдарды жана тест программаларын өздөштүрүү үчүн видео лекцияларды, анимацияны, тренажерлорду бириктирет. Анда компьютер менен практикалык иштер оңой жана жеткиликтүү формада берилет, компьютердик жана интернет-терминология түшүндүрүлөт, компьютердик коопсуздуктун жана купуялыктын негиздери өтүлөт, офистик программалар жагындагы эң жөнөкөй аракеттерди практикада аткаруу мүмкүнчүлүгү берилет.


Сабактар ишемби сайын үч сааттан өтүлөт. Курс эки агым менен 29-августка чейин өткөрүлөт. Азырынча ар бир агымда 25тен, 50 аялды окутуу пландаштырылып жатат.