ОшТУдагы жайкы мектеп: биринчи күн

July 13, 2015, 06:00

Бүгүн Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен окуучу кыздар үчүн жайкы мектеп ачылды. Ош шаарынын жана Ош, Баткен облустарынын ар кандай мектептеринен келген 21 катышуучу кыз кийинки эки аптанын ичинде дүйшөмбүдөн тартып жумага чейин информатика, физика, химия, математика жана англис тил сабактарына катышат.

 

Биринчи күн ОшТУнун «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыз кылуу» (ЭТАСПК) кафедрасынын компьютердик классында башталды. Катышуучуларды каттагандан жана жайкы мектепти ачкандан кийин окуучу кыздар информатика сабагына барды. Сабак өзүнө лекцияны жана практикалык көнүгүүлөрдү камтыды, сабак учурунда компьютердин процессор, оперативдүү жана узак мөөнөттүү эске тутуу, маалыматтарды киргизүү жана чыгаруу түзүлүшү сыяктуу перифериялык түзүлүштөрү жана алардын функциялары көрсөтүлдү. Практикалык сабактын учурунда окуучу кыздар компьютердин программалык камсыздоосун изилдеди жана документтер жагынан офистик программаларда иштеди.