Ысык-Көл облусунда «Бүткүл Кыргызстан бөбөктөргө китеп окуйт» кербени аяктады

July 14, 2015, 06:00

Китеп окууга коомчулуктун кызыгуусун арттырууга багытталган долбоордун алкагында 2015-жылдын 10-11-июлунда Ысык-Көл облусунда «Бүткүл Кыргызстан бөбөктөргө китеп окуйт» кербени өттү, ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулду.

 

Кербен Ысык-Көл районунун Тамчы айылында старт алган. Кийинки аялдамалар Түп районунун Түп айылы, Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылы жана Ак-Булуң айылы, Жети-Өгүз районунун Дархан айылы жана Тоң районунун Кара-Коо айылы болду. Жолугушууга балдар ата-энелери менен, чоң энелери жана тарбиячылары менен келди. Алар жомокторду жана аңгемелерди кулак түрүп угуп, ошондой эле зор кызыгуу менен маектешип, суроолорго жооп берип, ырларды айтып берди жана оюндарды ойноду. Бул сапардын жылдызы теле алып баруучусу Урмат Борченов болду, ал балдарга китеп окуп берип гана тим болбостон, ошондой эле мастер-класстарды өткөрүп жана балдар менен бирге ойноду. Балдар китеп окууга ниеттенгени, китептерди талап кылып жатканы жана аларды улам-улам кайталап окуп жатканы таң калычтуу жана жагымдуу.

 

Китепканалардын кадыр-баркын көтөрүү, китеп окууга кызыгууну кайрадан жаратуу – «Бүткүл Кыргызстан бөбөктөргө китеп окуйт» кербенинин негизги максаты ушул болду. Ысык-Көл облусунда долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып жана күч алып баратат деп ишеничтүүлүк менен айтууга болот.