Бишкекте 2015 билим берүүгө маалымат технологияларын киргизүү боюнча борбордук азиялык симпозиум өтүп жатат.

July 8, 2015, 06:00

Бишкекте 2015 билим берүүгө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) киргизүү боюнча борбордук азиялык «Мугалимдин новаторлугу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү: саясаттан практикага карай» симпозиуму (CASIE) өтүп жатат.

 

Симпозиумдун максаты окутуучуларды системалык даярдоого жана аларды кесиптик өнүктүрүүгө, ошондой эле сабак өтүү жана окутуу процесстерине МКТны натыйжалуу интеграциялоого муктаждыкка багытталган саясатты, стратегияларды жана демилгелерди иликтөө болуп саналат.

 

CASIE саясат жана жөндөм, ошондой эле турмуштагы тажрыйба жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты колдоо маселелеринде эксперттердин билимин алмашуу жана өз ара бириктирүү максатында жогорку кызматтарды ээлеген кызмат адамдарынын ортосундагы диалог үчүн платформа болуп эсептелет. Ушул себептен улам, Симпозиум CASIE 2014 иш-чарасынан кийин жетишилген прогрессти жалпылоого, ошондой эле улуттук/өлкөлүк презентацияларга негизделген дискуссияны алга илгерилетүүгө умтулууда.

 

Жолугушуунун катышуучулары болуп Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Монголиянын, Филиппиндин, Түштүк Кореянын, Сингапурдун, Россиянын жана ЮНЕСКОнун эксперттери менен адистери, Кыргызстандын мамлекеттик, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү саналат.

 

Симпозиумду ЮНЕСКОнун Бангкоктогу Бюросу Кореянын Билим берүү жана изилдөө маселелери боюнча маалымат кызматы (KERIS), ЮНЕСКОнун Алматыдагы Кластердик бюросу, ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалымат технологиялары боюнча Институту (ИИТО) менен кызматташтыкта, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясынын жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштуруп жатат.

 

Симпозиумдун бардык презентациялары жакынкы учурда ЮНЕСКОнун Бангкоктогу офисинин сайтына жарыяланат. http://www.unescobkk.org/