Кыргызстандын билим берүү системасынын өкүлдөрүнүн Кытайга алмашуу визити

July 9, 2015, 06:00

2015-жылдын 28-июнунан тартып 9-июлуна чейин билим берүү системасынын өкүлдөрүнөн турган кыргызстандык делегациянын Гуанчжоу шаарына (СУАР, Кытай) алмашуу визити болуп өттү.

 

Программа кытайлык билим берүү системасы: мектептер, балдар бакчалары, балдардын өнүктүрүү борборлору, кампус менен таанышууну жана мыкты тажрыйбаны Кыргызстанда пайдаланууну камтыйт.

 

Кытай соңку он жылда билим берүү системасын жакшыртуу боюнча зор кадамдарды жасады. Кытай окуучулары математика жана башка табигый-илимий сабактар боюнча эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн жана байгелүүлөрүнүн санына кирет. ЖОЖдордун программалары дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келет. Кытай ушунчалык кыска убакыттын ичинде мындай натыйжаларга кантип жетишти? Коңшулардан эмнелерди алууга болот?

 

Мектепке чейинки система 3 жаштан 6 жашка чейинки балдарды даярдайт. 6 жашында балдар башталгыч мектепке барат, анда математиканы жана чет тилди, өзгөчө англис тилин үйрөнүүгө зор көңүл бурулат.

 

Визит «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Конфуций Институту кол койгон Меморандумдун алкагында өтүп жатат.

 

Кең-кесири маалымат төмөнкү телефон боюнча: 66 03 82