Роза Отунбаеванын Прагага визити болуп өттү

July 8, 2015, 06:00

«Свобода» (RFE / RL) радиосу июндун аягында Чех Республикасында болушунун 20 жылдыгын белгиледи. Прагадагы расмий салтанаттуу иш-чара 22 өлкөндөн келген чоң кызматтагы меймандардын катышуусу менен өттү, Кыргызстандан КР экс-Президенти Роза Отунбаева өкүлчүлүк кылды. Визиттин учурунда ал ошондой эле «Азаттык» радисунун жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башка редакцияларынын журналисттери менен жолугушту.

 

Мындан тышкары, Р.И. Отунбаеванын Чех Республикасынын Премьер-министри Богуслав Соботка менен жолугушуусу болду, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин атынан Кыргызстанга келүүгө чакыруу берилди. Ошондой эле Чехиянын эмгек жана социалдык маселелер боюнча министри Михаэла Марксова менен жолугушуу болуп өттү.

 

КР экс-Президенти өз сапарларынын учурунда мекендештер менен жолугушуусу жакшы салт болуп калды. Чехияда жашаган мекендештер менен жолугушуунун учурунда Роза Отунбаева өзү башчылык кылган «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун иши жөнүндө айтып берди, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликке кошулгандан кийин биздин өлкөнүн өнүгүшүнүн жолдору жана республиканын келечектери жагынан өзүнүн көз карашын бөлүштү. Мекендештерди чет өлкөдө жүргөн мезгилде болушунча тажрыйба жана билим алууга, андан соң аларды Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн ар кандай тармактарда пайдаланууга аракеттенүүгө чакырды.