Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин ар жылдагы Министрдик баянынын жыйналышынын ишине катышуусунун жыйынтыктары боюнча пресс-релиз

July 10, 2015, 06:00

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева үстүбүздөгү жылдын 8-июлунан тартып 10-июлуна чейин БУУнун Штаб-квартирасында Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан ЭКОСОСтун ар жылдагы министрдик баянынын ишине ардактуу мейман катары катышып жатат.

 

ЭКОСОСтун ар жылдагы министрдик баянынын сегментинин ачылышынын алкагында Р.И. Отунбаева Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарынан (МӨМ) 2015-жылдан кийин Туруктуу өнүгүү күн тартибине өтүү жагынан өзүнүн көз карашын бөлүштү.

 

Жетишилген натыйжаларга баа берип, Р.И. Отунбаева буларды белгиледи: МӨМдү турмушка ашыруу боюнча топтолгон тажрыйба 2015-жылдан кийин Туруктуу өнүгүү күн тартибинде эске алынууга тийиш, ал бардыгын камтуусу, алгылыктуу жана арышы кенен болушу ийги. Анын сүйлөгөн сөзүндө Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарын турмушка ашырууда комплекстүү ыкмаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгү баса белгиленди, теңсиздик, коррупция, миграция көйгөйлөрү, ошондой эле гендердик аспекттер козголду. Билим берүү жана маданият маселелерине жана туруктуу өнүктүрүү үчүн алардын маанисине катышуучулардын өзгөчө көңүлү бурулду.

 

Сүйлөгөн сөздүн толук тексти менен төмөнкүдөй шилтеме боюнча таанышууга болот: https://www.un.int/kyrgyzstan/statements_speeches/roza-otunbayeva-former-president-kyrgyz-republic