Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында ачылган жаңы жайлоо бала бакчасы окуу куралдары жана 2 боз үй менен камсыздалды

July 10, 2015, 06:00

Экс-президент Роза Отунбаеванын «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун көмөгү менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында жаңы жайлоо бала бакчасы ачылды.


Аймактык кабарчы билдиргендей, кечээ, 8-июлда аталган айылдагы бала бакчанын ачылыш аземи болуп, акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова баштаган бийлик өкүлдөрү тарабынан кызыл тасмасы кесилди.


Белгилүү болгондой, жайлоо бала бакчанын ачылышына аталган фонд тарабынан 15 миң сомго окуу куралдары жана оюнчуктар алынып, айыл өкмөт менен жайыт комитетинин жардамы менен 2 боз үй тигилди.



















Turmush