Чаткал районунун жайлоосунда таластык малчылардын слету өтүп, жайлоо бала бакчасы ачылды

July 8, 2015, 06:00

Кара-Буура жана Бакай-Ата районунун малчылыры жайлаган Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун жайлоосунда малчылардын слету болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.


Маалыматка ылайык, Чаткал районунун кенен жайлоосунун төрүндө Кара-Буура жана Бакай-Ата районунун малчылары тээ илгерки ата-бабаларынын конушунда олтурушуп, бүгүнкү күнү малдарын багып, жакшы киреше алуу үчүн мээнет кечирип келишет.


Малчылардын мындай эмгектерин балоо үчүн алардын ысык, суукка карабай, жеке өзүнүн гана эмес район элдеринин да малдарын багып, күзүндө айылды көздөй түгөл айдап барууну максат кылган малчыларга өткөн апта соңунда Кара-Буура айыл өкмөтүнүн уюштуруусу менен майрам тартууланды.


Бул күнү муну менен катар экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен жер жерлерде жайлоо бала бакчалары ачылып, үзүрлүү пайда көрсөтүп жаткандыгы маалым.


Майрамдын алкагында жайлоо бала бакчасын ачуу саамалыгы болуп өтүп, бала бакчанын кызыл тасмасы кесилди. Мында 28 бала эми 3 сааттык окутуу програамасы менен күнүгө бир ай аралыгында бул жайлоо бала бакчасында тарбияланмакчы. Бул бала бакчаны ачууга Кара-Буура райондук жайыт комитети зор салымын кошуп, боз үй алып беришип, тарбиячыларга тамак аштарын камсыздап берген.


Мындан тышкары, тарбиялануучулардын ата-энелери да түрдүү сүт азыктары менен камсыз кылууну колго алышкан. Майрамда жайлоонун кооз төрүндө боз үй тигилип, сый тамак уюштурулуп, андан тышкары, Кара-Буура районунун маданият кызматкерлери тарабынан концерт коюлуп, малчылардын маанайын көтөрсө, район жетекчилери, КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн агрардык сектордун башчысы Абай Шатманов алдыңкы малчы-фермерлерди ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлап, жакшы каалоо тилектерин билдиришти.


Малчыларга арналган майрамда спорттук оюндарга бир катар байгелер сайылып, кыргыз күрөш жана көк бөрү оюндарына кезек берилип, балбандар күч сынашып, жеңүүчүлөрү татыктуу байгелерин алышты. Ошентип, спорттук оюндар менен малчыларга арналган майрамдык салтанат да аягына чыгып, күн кечтеп бара жатканда малчы-фермерлер өз конуштары тарапка шаңдуу маанайда жөнөп кетишти.


Turmush