Нарындын жайлоосундагы «Эдельвейс» бала бакчасы 40тан ашуун балага үч тараптуу көмөктөшүүнүн алкагында билим берүүдө

July 9, 2015, 06:00

Нарын облусундагы Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Бел жайлоосундагы «Эдельвейс» бала бакчасында 3 жаштан 12 жашка чейинки 40тан ашык бөбөктөр үч тараптуу көмөктөшүүнүн алкагында билим жана тарбия алып жатышат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бөбөктөрдүн эс алуусу менен жеринен таанышып келди.


«Эдельвейс» Нарын шаарындагы №15 «Бактылуу балалык» бала бакчасы жана Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулган.


«Быйыл июнь айынын соңку күндөрү жаан-чачындуу болгондуктан жайлоо бала бакчасын кечирээк 28-июндан баштап уюштуруп калдык. Жайлоодо 26 түтүн малчылар бар. Алардын үйлөрүндөгү 40 ашуун балдар келип 3 сааттан билим ала башташты», - деп билдирет аталган айыл аймактын жайыт комитетинин жетекчиси Кенжебек Нурмамбетов.


Жайлоого балдар үчүн атайын кербен жүрүш барып турат. Мисалы облустук китепкана тарабынан «Китеп кербени» уюштурулса, облустук кино дирекциясы Ш.Жапаровдун «Космонавттар кыштоосу» тасмасын жана «Мадакаскар-3» мултьфильмин көрсөттү. Ал эми облустук театрдын алдындагы «Айданек» куурчак театры Н.Вишневскаянын «Кыялкеч кирпи» жомогун тартуулашты. Ошондой эле Роза Отунбаеванын 16миң сомдук китептери, балдар үчүн эң керектүү окуу куралдары тартууланды.


«Биз азыр деле жайлоо бала бакчалар деп айтып келе жатабыз. Бирок эми бул түшүнүк борбор деп аталышы абзел. Себеби жайлоо шартында бөбөктөр жөн эле эс албастан атайын программа менен билим жана тарбия алышат. Нарын мамлекеттик университетинен 2 студенти тарбиячы катары кызмат көрсөтүүдө», - деп кошумчалады уюштуруучулардын бири Салия Жолдошова.

Turmush